Өспүрүмдөргө самокат ижарага бергендер 55 миң сом айыпка жыгылышы мүмкүн

18-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Коом 101

Кыргызстанда 18 жашка чыга элек өспүрүмдөргө электросамокат, гироскутер жана башка жеке мобилдүүлүк каражаттарын ижарага берүүгө тыюу салуу сунушталууда. Эреже бузгандарга 55 миң сомго чейин айып пул салуу каралган.

Тиешелүү мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин Сот-укуктук маселелер, укук тартиби, кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети биринчи окууда жактырды.

Мыйзам долбооруна ылайык, самокаттарды ижарага берүүчү кызматтар мобилдик тиркемелерге катталууда кардарлардын жашын текшерүүгө милдеттүү болот. Бул үчүн паспорт же анын электрондук версиясы талап кылынат. Ошондой эле колдонуучунун жеке маалыматтарын иштетүүгө макулдугу алынат.

Өспүрүмдөргө электросамокат бергендерге жеке жактар үчүн 20 миң сом, юридикалык жактар үчүн 55 миң сом айып пул салуу сунушталууда.

Мыйзам долбоорун талкуулоодо депутаттар бир катар суроолорду көтөрүштү. Улукбек Узаков ижарага алынган электросамокаттарды жашы жете электер айдап, канча жол кырсыгына кабылганын жана канча бала жабыркаганын сурады. Бирок мыйзам долбоорунун авторлору тиешелүү статистиканы келтире алышкан жок.

Сүйүнбек Өмүрзаков мыйзам бузуу үчүн ким жооп бериши керектигин — өспүрүмдүн ата-энесиби же самокатты ижарага берген компаниябы — тактап алуу зарылдыгын белгиледи.

Ал эми Болотбек Борбиев жаш курактык чектөөнү 16 жашка чейин төмөндөтүүнү сунуштады. Ал бул жаштан тартып мопед жана мотоцикл айдоого уруксат берилерин эске салды.

Патрулдук милициянын маалыматы боюнча, 2025-жылы Кыргызстанда электросамокаттар жана мопеддер катышкан 682 жол кырсыгы катталган. Анын кесепетинен 756 адам жабыркап, 14 адам каза болгон.

Бишкекте ошол эле жылы электросамокаттар катышкан жол кырсыктарынан 300гө жакын адам жаракат алган.

Буга чейин борбор калаада ижарага берилүүчү электросамокаттардын максималдуу ылдамдыгы саатына 15 чакырымга чейин чектелген. Вице-мэр Рамиз Алиевдин маалыматы боюнча, чектөө киргизилгенден кийин электросамокаттардын сүзүп кетүүсүнөн жаракат алгандардын саны төрт эсе азайган.

Учурда мыйзам долбоору парламентте каралууда. Жаш курактык чектөө жана айып пулдар боюнча акыркы чечим кабыл алына элек.

18-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Коом 101
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X