Парламентте эмгек чөйрөсүндөгү зомбулук талкууланды

23-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жогорку Кеңеш 75
Бүгүн, 23-ноябрда, Жогорку Кеңештин Төрагасынын алдындагы Аялдардын, балдардын укуктары жана гендердик теңчилик боюнча кеңештин кезектеги жыйыны өттү.

Жыйын депутат Камила Талиеванын демилгеси менен «Гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк активдүү аракеттер» өнөктүгүнүн алкагында уюштурулуп, анда «Кыргыз Республикасында эмгек чөйрөсүндөгү зомбулук жана ыдык көрсөтүү маселелери боюнча жалпы улуттук изилдөөнүн жыйынтыктары» тааныштырылды.Возможно, это изображение текст

Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын, эксперттик коомчулуктун жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышты.

Ачылыш сөзүндө депутат Камила Талиева аялдар менен эркектердин тең укуктуулугун камсыз кылуу, адамдын кадыр-баркын коргоо, зомбулуктун жана куугунтуктоонун алдын алуу, ошондой эле коопсуз жана адилеттүү эмгек шарттарын түзүү маанилүү экенин белгиледи.

Ал акыркы жылдары өлкөдө бул багыттагы мыйзамдык базаны өркүндөтүү боюнча бир катар кадамдар жасалганын айтып, Кыргызстандын 2024-жылдын 3-июнунда Эл аралык эмгек уюмунун №190 «Эмгек чөйрөсүндөгү зомбулукту жана ыдык көрсөтүүлөрдү жоюу жөнүндө» конвенциясын ратификациялаганын мисал келтирди.Возможно, это изображение один или несколько человек, отдел новостей и текст

Ошондой эле гендердик теңчиликке багытталган мыйзамдык өзгөртүүлөрдүн маанисине токтолду.

Жыйындын жүрүшүндө «Инсан-Лейлек» коомдук фонду жана Тилектештик борборунун колдоосу менен «CAS Analytics» иликтөөлөр тобу жүргүзгөн жалпы улуттук изилдөөнүн жыйынтыктары сунушталды.

Мындан тышкары, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү эмгек чөйрөсүндөгү зомбулуктун жана ыдык көрсөтүүнүн алдын алуу боюнча баяндамаларды жасап, атайын даярдалган видеоматериалдар көрсөтүлдү.Возможно, это изображение текст

Жыйын суроо-жооп форматында уланып, катышуучулар көйгөйлөрдү чечүү боюнча өз сунуштарын жана пикирлерин билдиришти. Иш-чаранын соңунда айтылган сунуштарды эске алуу менен мындан аркы иш-аракеттерди аныктоо боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.

23-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жогорку Кеңеш 75
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X