Парламентте Ысык-Көлдүн экологиялык-экономикалык абалы талкууланды
Бүгүн, 21-февралда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында “Ысык-Көл облусунун экологиялык-экономикалык абалы тууралуу” депутат Максат Сарбагышевдин кайрылуусу каралды.
Сарбагышев Чолпон-Ата шаарындагы саркынды сууларды тазалоочу курулмалардын абалын тууралуу маалымат берди.
«Бул насостук станция шаарды, пансионаттарды жана медициналык мекемелерди тейлейт. Тазалоочу курулмалардын иштеши ошол насостук станциядан көз каранды. Эгер авария болгон болсо Ысык-Көлдүн экологиялык коопсуздугуна коркунуч келтирет», — деди ал.
Белгилей кетсек, саркынды суулар Ысык-Көлдөн 150 метр алыстыкта жайгашкан атайын суу сактагычка куят. Ал эми насостук станцияны жаңылоо маселеси Азия өнүктүрүү банкынан алынган насыянын эсебинен чечилиши мүмкүн.
Талкуу маалында депутат Султанбай Айжигитов Ысык-Көл облусундагы саркынды тазалоочу жайлардын маселесин комплекстүү чечүү үчүн өзүнчө программа иштеп чыгуу керектигин билдирди.
Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы Аманкан Кенжебаев экология, техникалык көзөмөл жана курулуш тармагындагы мамлекеттик органдардын отчетторунда бардыгы “сонун” жазылганы менен тазалоочу курумдар боюнча маселе чечилбей жатканын белгиледи. Бул көйгөй жыл сайын көтөрүлгөнүн айткан эл өкүлү: “Буга эч ким жооп бербейт”, – деп кошумчалады.
Талкуунун жыйынтыгында депутаттар бул багытта тапшырмаларды берип, өз сунуштарын, сын-пикирлерин айтышты.
Комитет бул маселени кайрадан апрель айында Чолпон-Ата жана Балыкчы шаарларында өткөн жыйындын алкагында кароону чечти.