Парламентте Жол эрежесин бузуулар жөнүндөгү кодекс каралды
Бүгүн, 10-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.
Жыйында баяндама жасаган ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев мыйзам долбоору жол кыймылынын эрежелерин бузуунун айрым түрлөрү үчүн айып пулдун суммасын төмөндөтүү максатында иштелип чыкканын билдирди.
Тагыраагы төмөндө белгиленген бузуулар жогорку коомдук коркунучту өзүнө камтыбагандыгы, ошондой эле мындай бузуулар айдоочунун байкабастыгынан улам кокустан жасалышы мүмкүн экендигин эске алынып, айып пулдарын азайтуу сунушталууда:
— кыймылдын белгиленген ылдамдыгынан 10 км/сааттан көп, бирок 20 км/сааттан көп эмес ашуусу;
— светофордун тыюу салуучу сигналы же жөнгө салуучунун тыюу салуучу жаңсоосу болгондо жол белгилери же жолдун жүрүүчү бөлүгүнүн чийиндери менен белгиленген стоп-линиянын алдында токтоо жөнүндө жол кыймылынын эрежелеринин талаптарын аткарбоо;
— жол белгилеринин талаптарын аткарбоо, жолдун жүрүүчү бөлүгүндөгү чийиндердин талаптарын аткарбоо;
— токтоо же токтоп туруу эрежелерин бузуу;
— каршы кыймыл тилкесине чыкпай туруп маневр жасоо эрежелерин бузуу.
Талкуу маалында депутат Дастан Бекешев жол эрежесин бузуудан түшкөн айып пулдун көлөмүн сурады.
Министрлер кабинетинин өкүлү 2019-жылдын 4-мартынан бери бюджетке 1 млрд 728 млн сомдон ашуун каражат түшкөнүн билдирди.
Ал эми депутат Сайдулла Нышанов мыйзамдын маанилүүлүгүнө токтолуп: “Ал эми ВЕГА компаниясы ар бир айып пулдан канча каражат алат?”- деген суроо берди.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, санарип өнүктүрүү министри Дастан Догоев ВЕГА компаниясы ар бир айып пулдан эки лот боюнча каражат алаарын жүйө келтирип: “Тагыраагы, ар бир айып пулдан биринчи лот боюнча 211 сом, экинчи лот боюнча 224 сом алат. Айып пулдун көлөмү азайтылгандыгына карабастан, бул сумма өзгөрбөйт”, – деди.
Депутат Мирлан Жеенчороев болсо шаар ичинде жарнама такталары көбөйүп бара жатканына байланыштуу мэриянын ишин сынга алып, алар жол коопсуздугуна коркунуч туудурарын кошумчалады.
Талкуудан соң мыйзам долбоору биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.