Пенсионерлердин саны 797,4 миң адамга жетти

20-февраль, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 37

Кыргызстанда пенсионерлердин саны көбөйдү. 2025-жылдын 1-январына карата пенсионерлердин саны 797,4 миң адамга жеткен. Бул тууралуу Социалдык фонддон билдиришти.

Маалыматка ылайык, пенсионерлердин саны 2020-жылга салыштырмалуу 105,8 миңге көбөйгөн.

Пенсиянын орточо өлчөмү жогорулатылгандан кийин 2024-жылдын 1-октябрына карата 10 695 сомду түзүп, бул 2020-жылга караганда дээрлик эки эсеге жогорулаган.

20-февраль, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 37
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X