21-январда жердин жашоочулары планеталардын парадын көрө алышат.Бул тууралуу Live Science билдирди. Астрономдор бул кубулушту планеталардын чоң түзүлүшү деп аташат. Асманда Күн системасынын алты планетасы көрүнөт: Марс, Юпитер, Уран, Нептун, Венера жана Сатурн.
Бул планеталардын парады асманда телескопсуз да көрүүгө болот. Бирок бул үчүн шаардан алысыраак, жарык булганбаган жерге барууга туура келет. Астрономдор асман кубулушун 21-январдан 25-январга чейин күндүн караңгы маалында байкоого болоорун белгилешүүдө. Жерден башка Күн системасынын бардык планеталарынын парадын 28-февралда да көрүүгө болот