Канадада ушул күндөрдө өзгөчө кырдаал жарыяланып, токойдон чыккан өрттөн улам бир катар шаарлардын калкын эвакуациялоо иштери жүрүп жатат. Канаданын Британ Колумбиясы провинциясынын жетекчиси Дэвид Эби Канада өз тарыхындагы эң коркунучтуу өрттү башынан өткөрүп жатканын айтып билдирүү жасады. Анын айтымында абал күндөн күнгө курчуп, токой аянттары тездик менен өрткө чулганууда. Канаданын токойлорун каптаган өрт быйылкы катуу ысыктан улам келип чыкканы айтылды. Учурда өрттүн аянты 10 миң гектардан ашты. Өткөн аптада Гавайи аралында чыккан токой өртүнөн улам 89 адам курман болгон. Бул өрт АКШнын тарыхындагы эң көп адам өмүрүн алган окуя экенин белгиленген. АКШнын президенти Жо Байден Гавайидеги бардык федералдык структураларга өрткө каршы күрөшүүгө буйрук бергени менен өрттү токтотууга мүмкүн болбогон. Мауи аралдарындагы өрт да катуу ысыктан улам чыгып, «Дора» бороону аны жайылткан. Өткөн жылы да Франциянын токой аянттары өрттөнүп кеткен. Учурда бул кырсыктардын келип чыгуу себептери аныкталууда.
Ушул аптада Грециянын токойлорунда да өрт чыгып,тилсиз жоо коңшу Түркияга да жайылды. Түркиянын ММКлары Чанаккале аймагындагы тогуз айылдын 1200 тургуну эвакуацияланганын кабарлашты. Маалыматка таянсак 1500 гектардан ашуун токой күйүп, 48 адам түтүнгө ууланып ооруканага жаткырылган. Эгей жана Мармара деңиздериндеги токойлордогу өрттүн айынан кемелердин кыймылы да токтотулганы айтылууда. 22-августта Грецияда өрт өчүрүүчүлөр 18 адамдын күйгөн сөөгүн табышкан. Ошентип 2023-жылы рекорддук ысыктан улам ири токой өрттөрү Греция, Испания, Португалия жана башка Европа өлкөлөрүндө да катталды. Жыл башынан бери Орусияда дээрлик 4,3 миллион гектар жер өрттөндү.