Өлкө борборун которуу улуттук, геосаясий долбоор болмок
же Евразиянын жүрөгү кыргызстанбы?
Эскини эптеп эсиң кетет жаңысын кур
(элдик накыл)
Кыргызстан эгемендикке жетишкен 34 жылдан бери борбор калаада көйгөйлөр көбөйө берип, кабат-кабат болуп кетти. Аныгында Бишкек шаары 500 миң калкка эсептелген. Эксперт Эрнест Карыбековдун борборду Кочкорго көчүрүү боюнча сунушу көп жактан жөндүү жана жан бар. Мен бул боюнча Кочкор өрөөнүнүн эксперт санап өткөн артыкчылыктарынан башка факторлоруна токтолуп кетүүнү туура көрүп турам.
Азыркы Бишкектин башкы планы 1950-жылдары түзүлүп, бир нече жолу өзгөртүлгөн. Ал ошол замандын чен өлчөмдөрү менен курулган. Ошол убакта ордо калааны 40тан ашык жаңы конуш курчап калаары ойго да келбесе керек. Азыр алардын саны 99га жетти. Мындан ары кайда? Бишкек шаарынын жолдору 40 миң автоунаага ылайыкталган болсо, азыр автоунаа саны 400 миңден ашат. Эгер жаңы борбор азыр пландалып, долбоорлонсо ал заманбап көз караш, шаар куруунун 1950-60-жылдардагы стандарттары менен эмес, азыркы замандын талаптарына шайкеш илимий жактан негизделип, эл аралык адисттер менен биргелешип долбоору чийилип курулмак. Улуттук илимдер академиясында окумуштуу, техника илимдеринин доктору В.С.Энгелшт “Горение графита” деген илимий долбоорун ийне жибине чейин изилдеп, эсеп чотун чыгарып, ар кайсы чиновниктин эшигин кагып, какшап жүрүп өтүп кетти. Ал “долбоор боюнча Кара Кече кенин казып, ташыбай, жеринде шахта куруп, жер астынан күйгүзүп, газ кылып түтүктөр менен тартып келип Ысык-Көл, Нарын, Чүй облустарын көгүлтүр от менен 300 жыл камсыз кылса болот” деп илимий жактан негиздеп, долбоорлогон. Мен билгенден ал долбоор азыр анын уулунун колунда. Кара Кече менен Кочкордун ортосу 90 км тегерегинде.
Аталган өрөөн боюнча дүйнөлүк география, геосаясат илиминде да кызыктуу гипотезалар белгилүү.
Айтсак, англиялык окумуштуу географ, кийин геосаясат илиминин негиздөөчүсү Х.Макиндер хартленд (дүйнөнүн жүрөгү, борбору деген түшүнүктү киргизген). Анын пикири боюнча хартленд Евроазиянын түштүк чыгыш бөлүгүндө тоолуу аймакта жайгашкан. “Ким хартлендге ээлик кылса, ал дүйнөгө ээлик кылат” деп баса белгилейт. Ал эми ата мекендик окумуштуу, геология-минерология илимдеринин кандидаты, доцент Мурат Суюнбаев Х.Макиндердин концепциясын андан ары улантып, географиялык меридиан, координаттар боюнча эсептеп чыгып, “планетанын борбору Балыкчы шаарынан 42 км түштүк-батыш тарапта, Кочкор кыштагына жакын жер” деп өзүнүн “Геополитические основы национальной безопасности Кыргызстана” деген илимий эмгегинде жазганы бар.
Автор деги эле аймакты “Борбордук Азия жана Казакстан” деп аталышына каршы. Анын ордуна “Борбордук Евразия” деп атоо аймактын географиялык жайгашуусуна толук жооп берээрин белгилейт.
География илиминде өрөөн деген түшүнүк бар. Өрөөн — бул айланасын тоолор курчаган түздүк. Кыргызстанда мындай өрөөндөр саналуу. Мисалы, түштүктө Токтогул өрөөнү, түндүктө Кочкор өрөөнү. Кочкор Кыргызстандын борбордук бөлүгүндө жайгашкан, Түндүк-Түштүк альтернативдик жолу келгени тогуз жолдун тоомуна айланды. Жогоруда белгилегендей өлкөбүздүн аймагында борбор шаар кылууга ыңгайлуу эки өрөөн бар: Бири түштүктө жайгашкан Токтогул району, экинчиси ушул Кочкор району. Токтогулда стратегиялык мааниси бар Токтогул суу сактагычы жайгашып, түздүгүнүн көпчүлүк бөлүгүн суу басып турат. Анан калса Эрнест Карыбековдун сунушунун тарыхий да негизи бар. Бул жерде баса белгилей кетүүчү жагдай, 1920-жылдардын башында республиканын борборун аныктоо боюнча добуш берүүдө Кочкор району да коюлуп, аз гана добуш менен өтпөй калганын тарыхчы, профессор Зайнидин Курманов өзүнүн “Политическая борьба в Кыргызстане в 1920-годы” деген эмгегинде айтып өтөт. Ал эми ага чейин Кочкор кыштагы “город Столыпино” деп аталып, бир убакта 70 күн Кыргызстандын борбору болгон.
Эл аралык эксперттердин божомолунда жакынкы эле он жылдыкта дүйнөдө климаттык миграция жанданат жана күч алат. Айрым өлкөлөрдө күндүн табы кескин ысып, ал аймактарды жашооого жөндөмсүз кылып баштайт. Ошол өлкөлөрдөн жумуш издеп эмес, жан багууну башкы максат кылып миңдеген адамдар тоолуу, суунун башындагы аймактарга агылат. Ата мекендик эксперттердин божомолунда биздин өлкөгө 1 миллиондон 1,5 миллионго чейин “климаттык мигранттар” агылып кирет. Ал процесстин эми эле башталган белгилерин азыр деле байкасак болот. Азыр Бишкек шаарына туш тараптан күч келип, чыңалуу күчөп баратат. Бүтүндөй кичи райондор салынууда. Барып барып аларды шаардын тазалоо сооружениялары, канализациялары, суу түтүктөрү, суу менен камсыз кылчу резервуарлар көтөрө албай, “сбой” берчү мезгил алыс эмес. Бул Бишкек шаарындагы кышкы кара түтүн менен жол тыгынын айтпагандагы көйгөйлөр. Бишкек эмес, республиканы бага турган түшүмдүүлүк жогору Чүй өрөөнү ички жана тышкы миграциядан жабыр тартып жатат. Бул өз кезегинде улуттук коопсуздукка, тагыраагы, тамак-аш коопсуздугуна коркунуч жаратат. Абал ушул ыргакта улана берсе, мамлекет Бишкектин батыш тарабындагы Сокулук районуна караштуу 100дөгөн гектар түшүмдүү жерлерди турак жай курууга уруксаат берүүгө аргасыз болот. Бишкек батышты көздөй гана өсө алат, башка жол жок. Бул болсо өз кезегинде тамак-аш коопсуздугуна коркунуч жаратат. Демек, жакынкы келечектеги тамак-аш коопсуздугунун зарылчылыгынан да борборду которууну пландоону баштоо максатка ылайыктуу. Планетадагы калктын саны 9 млрдга жетсе, жер адамдарды бага албай калат деген дүйнөлүк божомол бар. Кыргызстандын аймагынын 96%ын тоолор түзөт. Айдоо аянттары, түшүмдүүлүгү боюнча Чүй өрөөнү жалпы өлкөнү бага алмак. Бирок, өлкө түндүгүндөгү жалгыз ушундай аймакты убакыт өткөн сайын урбанизациянын арааны оп тартып баратат.
Эми Кочкор районунуна борборду көчүрүүнүн ыңгайлуулугунун бир нече себептерин айта кетели. Кочкор өрөөнүнүн узундугу 88 км, туурасы 22км. Кышы катаал эмес, кар дээрлик жатпайт. Жеринин түшүмдүүлүгү аз, демек түздүктөрдөгү айдоо аянттарына кылчактабай туруп шаарды долбоорлого болот. Түркия, Италиядагыдай адырларды, бөксө тоо беттерин да турак жай куруу үчүн максималдуу колдонууга болот. Дыйканчылыктын ордуна багбанчылыкка басым жасоо зарыл. Себеби алма, өрүк, алмурут, карагат, малина баары бышат. Күн дайым тийип тургандыктан күндөн, шамалдан алынчу энергия булактарын көбөйтүүгө шарттар жетиштүү. Кочкордун батышынан чыгышын көздөй туруктуу шамал жана (ал Үч Көөрүк деп аталган Каракол, Сөөк жана Кызарт капчыгайларынан соккон шамалдын кошулган жери) Каракол, Сөөк сууларынан башат алып, бүтүндөй өрөөндүн ортосунан симетриялуу жарып өтүп, Орто Токойго куйган Чу суусу, анын жээктериндеги токой келечектеги калаанын парк зонасына ылайык жана шамал табигий вентиляция болуп бермек. Балыкчыдан Кочкорго темир жол баратат. Ал жол андан ары түштүккө чыгып Жалал-Абад, Ош аркылуу өтүп Баткенди аралап кайтат. Союз кезде маршрут тажикстандын Канибадам шаарына чейин барчы. Баткенге Канибадам аркылуу жетчибиз. Ал жакта мурдагы Жалал-Абад-Фрунзе темир жолуна кошулушу стратегиялык жактан маанилүү.
Бир учурларда борборду Ошко көчүрүү боюнча идеялар көп айтылды. Ал ошол учурда актуалдуу болчу. Бирок, азыр жагдай өзгөрдү. Дүйнөдө бир тууган элдер саналган мамлекетттер да айыгышкан согушка өтүп, душмандашып калышты. Өлкөнүн түштүгүндөгү коңшулар менен мамиле татаалдашып кетпешине кепилдик жок. Борбордун түштүгүндө болгону “түпкүрдө ичкериде” деген сөз. Анын жүзүн ары кылсын, бирок, согуштук кырдаал түзүлсө өлкө борбору бир заматта блокадада калып калуу тобокелдиги бар. Ошондой географиялык жайгашкан шартта мамлекеттин борборунун Ош, Баткен облусунда жайгашканы опурталдуу. Мындай шартта эң ыңгайлуу жерлер Токтогул жана Кочкор. Токтогул менен Кочкор аскер күчтөрүн жайгаштыруу, өлкөнүн түпкүрүнө дислокация кайра жайгаштыруу, тездик менен жылдыруу маселесинде да ыңгайлуу. Чек ара аскерлерине борбордогу негизги аскердик контингенттен бөлөк өлкөнүн бардык аймактарына тез жетүүсү өзгөчө маанилүү. Кочкордон жаны курулган жол менен Ошко 4 саатта, Баткенге 6 саатта, Жалал-Абадга 3 саатта аскер күчтөрүн жеткирүүгө болот. Кыргызстан тоолуу өлкө, анын аймагынын 90 %дан ашыгы тоолордон турат. Тоолуу шартта согушууга ылайыкталган, мыкты даярдыктагы жөө аскерлер бөлүктөрүн жайгаштырууга эң ылайыктуу (негизги түздүктөн башка да) чоң коктулар, капчыгайлар Кочкор өрөөнүндө жетиштүү. Себеби, аскерлерди даярдоодо класикалык салттарды тоолуу шартта аракеттенүү менен айкалыштырып даярдоо зарылдыгы бышып жетилди. Анан калса Нарын облусу Кыргызстанда аймагы эң чоң бирок, калкынын жыштыгы эң төмөн, ички жана тышкы миграциядан эң көп жабыр тарткан аймак. Демографиялык гигант Кытай менен чектешкен Ат-Башы районунун эле аймагы Чүй облусунан чоң. Демографиялык потенциалы жана тынч экспанциялык саясаты менен бүт дүйнөнү сестенткен улуу Кытай коңшубуз менен чектешкен облуста жаны борбор жайгашып, ал жак социалдык-экономикалык, демографиялык жактан өнүгүшү стратегиялык чоң мааниге ээ. Азыркыдай шартта, эң башкы маселе, жаны борборду куруу канчалык реалдуу? Аны өлкөнүн казынасы көтөрө алабы? — деген маселе баарын түйшөлтөт.
Азыркы саясий жетекчилик ушундай ары амбициялуу, ары масштабдуу долбоорлорго чечкиндүүлүк, батылдык кылып, саясий эрк менен чечим чыгарышууда. Элибизде “Эскини оңдоп эсиң кетет, жаңысын кур” деп таамай айтылган сөз бар. Эн башкысы, каалоо анан саясий эрк болсо өлкөдө көп нерсени өнүктүрсө болооорун азыркы бийлик көп жагынан көрсөтүп жатат. Бул долбоор 15 же 20 жылда ишке ашчу узак мөөнөттүү долбоор. Балким, Асман шаары боюнча долбоорду Кочкорго караштырыш керек. Себеби, Ысык-Көлдүн түндүк жээги шаарга тарлык кылат. Акыркы 4 жылда өлкөгө келген инвестициялардын агымы болуп көрбөгөндөй өстү. Биз үчүн борборду которуу улуттук мега долбоор болсо, эл аралык коомчулук үчүн геосаясий долбоор. Анын геосаясий, экологиялык жактарын туура негиздесе, эл аралык уюмдар, эл аралык коомчулук да инвесттор болушу мүмкүн. Мындай ири улуттук долбоор саясий бийликтин келечегин жаркын кылган, аракеттеги бийликтин даңазасын кылымдарга арттырган, эң башкысы улуттук кызыкчылыкка шайкеш, тарыхий чечим болмок.
Чолпонбек СЫДЫКБАЕВ,
Саясий илимдердин кандидаты, доцент, докторант.