Пластикалык хирургдарга канча жаштан баштап кайрылса болот?
Алгач пластикалык хирургия 47 жашта сунушталса, азыр заманбап косметологиялык технологиялардын жардамы менен бул курак 10 жылга жылды. Бул тууралуу пластикалык хирург Наталья Мантурова билдирди.
“Мен ординатор болуп иштеп жүргөн кезде, мугалимдерибиз пластикалык операцияны 47 жаштан кечигип жасатууга болбойт деп айтышкан. Кечеңдетилип жасалган операция жакшы жыйынтык бербей тургандыгын белгилешчү. Азыр болсо уламдан жаңыланып жаткан технологиялар, кесипкөй адистерибиздин жардамы менен убакытты узартууга жакшы жеңилдик берди. Ошондуктан ден соолугуңуздарга, анын ичинен териге өз убагында кам көрүп, тажрыйбалуу медиктерге кайрылып турсаңыздар 10 жылдан ашык убакытка жаш көрүнөсүздөр”, — деди Наталья Мантурова.
Ал мындан тышкары, сулуулукту сактоо үчүн айымдар күн сайын терисине кам көрүп, косметологдорго маалы менен кайрылып, спорт менен машыгып жана туура тамактанууга өтүү керектигин айтты.
“Бул үчүн өзубүздү моралдык жактан көзөмөлдөп, жашоого болгон сүйүүнү күчөтүп, негативдүү ойлордон арылуу керек”, — деп кошумчалады дарыгер.