«Пранк болчу». Милиция унаага чыгып, алдыңкы айнегин сындыра тепкен жигитти тапты

24-июнь, 2022-ж. / Редакция / Жаңылыктар 32

Милиция тарабынан унаага чыгып, алдыңкы айнегин сындыра тепкен жигиттин аты-жөнү такталды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Буга чейин соцтармакта жигиттин унаага чыгып, алдыңкы айнегин сындыра тепкен видеосу тараган. Факты ОИИБге каттоого алынып, аталган окуяга 1999 жана 2004-жылы туулган жигиттердин катыштыгы бар экени аныкталды.

Алар сурак учурунда пранк экенин айтышкан. Жигиттер кылыгы үчүн кечирим сурашты.

24-июнь, 2022-ж. / Редакция / Жаңылыктар 32
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X