Президент Чек ара кызматынын эки жетекчисин дайындады
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Мамлекеттик чек ара кызматынын жетекчилигиндеги кадрдык дайындоолор боюнча тескемелерге кол койду.
Ага ылайык, Майрамбек Мухамбетович Исманалиев Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары – Башкы штабдын башчысы болуп дайындалды.
Ошондой эле Жаңыбай Капарович Юсубалиев Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары кызматын аркалай турган болду.
Дайындоолор Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык жүргүзүлдү.