Президент катышат: Таласта Эгемендүүлүк күнүнө чоң программа даярдалды

4-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 28

Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө арналган майрамдык иш-чаралар 11-сентябрда Талас шаарында өтөт. Бул тууралуу калаа мэриясы билдирди.

Саамалыкка президент Садыр Жапаров катышат.

Майрамдык концертте чет элдик жана жергиликтүү белгилүү аткаруучулар өнөр көрсөтөт. Алардын арасында Arash, Fly Project, K-Maro, Nana, Hi-Fi, Согдиана жана Кайрат Нуртас бар.

Мындан тышкары, майрамдык программада дрондордун шоу-программасы жана фейерверк уюштурулары күтүлүүдө.

4-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 28
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X