Бүгүн Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулган Бишкек шаарынын Скрябин көчөсүндө жайгашкан жаңы көп кабаттуу турак жай комплексинен 549 батирдин ачкычы тапшырылды.
Президент өз сөзүндө бул иш-чаранын тарыхый маанисин баса белгилеп: “Бүгүн биз мамлекеттик турак жай программасынын алгачкы жемиштерине күбө болдук. Бул башталышы гана. Биз алдыда дагы 40 миңден ашуун батирди жарандарга тапшырмакчыбыз. Максатыбыз – ар бир кыргызстандыкты өз үйүнө жеткирүү,” – деди.
Скрябин көчөсүндөгү 15 кабаттуу 7 блоктон турган турак жай комплексинде:
- 1 бөлмөлүү – 202 батир,
- 2 бөлмөлүү – 202 батир,
- 3 бөлмөлүү – 145 батир бар.
Жалпы аянты 33 миң чарчы метрди түзгөн комплекс жашоо үчүн бардык шарттар менен камсыздалган. Жылытуу, суу, электр энергиясы борборлоштурулган, 119 унаа үчүн жер астындагы токтоочу жайы бар.