"Эркин-Тоо"

Президент Садыр Жапаров: “Баткеним – менин жүрөгүм”

Президент Садыр Жапаров 2021-жылдын 28-апрелинде кыргыз-тажик чек арасындагы конфликттин жүрүшүндө курман болгон жарандарды эскерип, кыргызстандыктарга кайрылуу жолдоду. Анда 2021-жылдын 28-30-апрели, эгемендүү Кыргызстандын тарыхында эң кайгылуу күндөрдүн бири катары элдин эсинде калганын, ошол каргашалуу күндөрдө чек арада орун алган куралдуу кагылышуудан 36 жаран курман болуп, кырчындай балдардан, эр жүрөк жоокерлерден, Мадинадай мөлтүрөгөн бейкүнөө наристе кыздан ажырап, 173 жаран жараат алып, ушул убакка чейин дарыланып келишээрин белгиледи.

«Мекен үчүн, эл үчүн жанын аябаган эр-азаматтарыбыздын каармандыгы өлкөбүздүн тарыхында алтын тамгалар менен жазылып калат. Ошол оор күндөрдө мамлекетибиз, элибиз кайратман Баткен элин, өрүкзарлуу жерин жалгыз калтырган жок. Тикесинен тик туруп аза кайгысы менен башка түшкөн кыйынчылыгын тең бөлүштү. Өлкөнүн чар тарабынан «Баткеним – менин жүрөгүм» деген ураандын астында Баткенге жардам көрсөтүлүп жатты. Боорукер жана намыскөй элибиз эч нерсесин аяган жок, мекендештеринин жеңилин жерден, оорун колдон алышты. Элимдин ушундай кыйынчылыктарда мүңкүрөп калбаган, чөгүп кетпеген эр мүнөзү менен асыл сапаттарына мамлекет башчысы катары да, жөнөкөй инсан катары да башымды ийип, таазим кылам!

Кагылышуунун кесепеттерин тездик менен жоюу максатында 2021-жылдын 4-майында “Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү маселелери боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө” Жарлыкты кабыл алгам. Баткен облусунун чек ара аймагындагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча КРнын Президентинин атайын өкүлүн кызматка дайындадым. 2021-жылдын 10-сентябрында Баткенде жашаган калкты ар тараптан колдоо, облустун экономикасын өркүндөтүү жана социалдык көйгөйлөрүн чечүү максатында “Баткен облусунун статусу жөнүндө” КРнын мыйзамы кабыл алынып, ишке кирди” деген оюн билдирди. Мындан сырткары Баткен облусун өнүктүрүү максатында жасалган жана жасала турган иштер туурасында маалымат берди. Ошондой эле элди кандайдыр бир чагымчылдыкка алдырбай, чек арада терс көрүнүштөрдүн болуп кетишине жол бербей, сабырдуулук менен улуттук коопсуздукту бекем камсыздоого чакырды.

№40-41 «Эркин-Тоо» гезити
2022-жылдын 29-апрели

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!