Президент Садыр Жапаров эл аралык байкоочуларды кабыл алды

1-декабрь, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 50

Президент Садыр Жапаров бүгүн эл аралык байкоочулар миссияларынын жетекчилерин кабыл алды. Мамлекет башчысы аларды Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого байкоо жүргүзүүгө чакырганы үчүн ыраазычылык билдирди. Бул жолу дүйнөнүн 58 өлкөсүнөн 788 эл аралык байкоочу келди.

Жапаров байкоочулардын кеңири өкүлчүлүгү эл аралык коомчулуктун Кыргызстандагы саясий процесстерге кызыгуусунун белгиси экенин белгиледи. Ал алардын калыс баа берүүлөрү жана сунуштары өлкөдөгү кемчиликтерди аныктоого жана демократиялык институттарды бекемдөөгө жардам берерин кошумчалады.

Мамлекет башчысы шайлоо процессинин ачык-айкындуулугун жана ар бир шайлоочунун укугун камсыз кылуу үчүн санарип технологиялар, биометрикалык идентификация, электрондук саноо системасы, онлайн-реестр жана аралыктан добуш берүү механизмдери колдонулганын айтты. Чет өлкөлөрдө жашаган кыргызстандыктар үчүн 100 шайлоо тилкеси ачылып, алардын саны 2021-жылдагы 59дан бир топ көбөйгөн.

Жапаров мажоритардык система боюнча өткөн шайлоонун артыкчылыктарын белгилеп, мандаттар кулуардык негизде бөлүштүрүлгөн партиялык тизмелерди жойуп, талапкердин жеке сапатына басым жасалганын билдирди. Ал ошондой эле гендердик теңчиликти камсыз кылуу боюнча чаралар киргизилгенин белгиледи.

Эл аралык байкоочулар миссиялары Кыргызстандын шайлоо мыйзамдарын жалпыга таанылган принциптерге жана эл аралык стандарттарга жооп берет деп баалашты. Алар шайлоонун эркин, ачык жана калыс өткөнүн, жарандарыбыздын эркин билдирүү укугуна толук шарт түзүлгөнүн белгилешти.

Жолугушууга КМШ, ЖККУ, ШКУ, Түрк мамлекеттер уюму жана башка эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты. Алардын арасында КМШнын Башкы катчысынын биринчи орун басары Игорь Петришенко, Тажикстан жана Казакстандын парламенттик байкоочулары, Түркиянын Жогорку шайлоо кеңешинин төрагасы Ахмет Йенер жана башка абройлуу өкүлдөр бар эле.

Президент Садыр Жапаров эл аралык байкоочулардын жогорку баасына ыраазычылык билдирип, алардын сунуштарынын негизинде тиешелүү чечимдер кабыл алынарын, бул шайлоо өлкөдөгү саясий туруктуулукту бекемдөөгө, экономиканы өнүктүрүүгө жана жарандардын жашоосун жакшыртууга өбөлгө болорун белгиледи.

1-декабрь, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 50
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X