Президент Садыр Жапаров Орхан Инандыны издөө боюнча Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине тапшырма берди
Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады. Маалыматта айтылгандай, өлкө башчы «Сапат» эл аралык билим берүү мекемелеринин негиздөөчүсү Орхан Инандынын дайынсыз жоголуусу боюнча ишти көзөмөлгө алуу жана аны издөөгө кошумча күч тартуу үчүн УКМКга тапшырма берген. Белгилей кетсек, бүгүн, 1-июнда саат 04:20 чамасында Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын «102» кызматына Малдыбаев жана Саманчин көчөлөрүнүн кесилишиндеги көп кабаттуу үйлөрдүн биринин короосунан «Lexus 470» үлгүсүндөгү унаа ачык абалда табылганы тууралуу чакыруу келип түшкөн. Октябрь РИИБдин шаардык ички иштер бөлүмүнүн үчүнчү бөлүмүнүн тергөө-ыкчам тобу чакыруу болгон жерге жөнөп кетишкен. Ал жерден Ю. К. аттуу жаран атасы И. О. аттуу адам ушул автоунаа менен жүргөнүн айтып арыз жазган. Акыркы ирет ал кечээ, 31-майда, болжол менен саат 18:00дө байланышка чыккан.