Президент Садыр Жапаров Режеп Тайып Эрдоганга көңүл айтты

22-январь, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 34

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров мейманканадагы адам өмүрүн алган өрт кырсыгына байланыштуу Түркиянын лидери Режеп Тайып Эрдоганга көңүл айтты.

“Түркия Республикасынын Болу провинциясындагы мейманканада чыккан өрттүн кесепетинен адамдар каза болду деген суук кабарды кайгыруу менен кабыл алдым», — деп жазылган мамлекет башчынын телеграммасында.

Жапаров Кыргызстан элинин жана жеке өзүнүн атынан каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, жабыр тарткандардын тез сакайып кетишин каалады.

21-январдын кечинде Түркиянын ички иштер министри Али Ерликая Болу провинциясындагы «Карталкая» лыжа базасындагы мейманканада чыккан өрттөн набыт болгондордун саны 76га жеткенин айтып, 45 сөөктүн тек-жайы аныкталганын билдирген. 50дөн ашуун кишинин абалы оор экени кабарланды.

Бүгүн 22-январда Түркияда аза күтүү күнү жарыяланды.

22-январь, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 34
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X