Президент Садыр Жапаров советтик репрессия курмандыктарын актоо боюнча мыйзамга кол койду. Документти Жогорку Кеңеш 20-ноябрда кабыл алган.
Анда 1918-1924-жылдардагы “кызыл террор” жана 1929-1953-жылдардагы сталиндик репрессия мезгилиндеги окуяларды түшүнүүгө жана аларга саясий баа берүүгө убакыт келгени жазылган.
1937-38-жылдары күч алган репрессияда Кыргызстандан 20 миңден 40 миңге чейин адам өлүм жазасына тартылганы ар кандай булактарда айтылат.
Ошол кездеги коомдук ишмерлер Төрөкул Айтматов, Иманалы Айдарбеков, Баялы Исакеев, Касым Тыныстанов баштаган интеллигенциянын 137 өкүлүнө да “эл душманы” деген айып коюлуп, 1938-жылы 5-8-ноябрь күндөрү атууга кеткен. Бирок алардын кайсы жерге көмүлгөнү ондогон жылдар бою белгисиз болуп келди. Алардын сөөгү көмүлгөн жер 50 жылдан ашык убакыттан кийин гана белгилүү болгон.