Президент жаңы жылга чейин бардык тармактын айлык акылары көтөрүлөөрүн айтты

25-апрель, 2022-ж. / Редакция / Коом 33
«Быйыл жаңы жылга чейин бардык тармактагылардын айлык акысын көтөрүп беребиз», — деп билдирди Президент Садыр Жапаров «Кабар» улуттук маалымат агенттигине берген маегинде.
«Кудай буюрса, экинчи кварталдан кийин көтөрөбүз деп пландап жатабыз. Кыскасы, быйыл жаңы жылга чейин бардык тармактарга көтөрүп беребиз», — деди мамлекет башчы.
Мамлекет башчы буга чейин 1-апрелден тарта мугалим, актер, китепканачы сыяктуу социалдык, маданият, саламаттык сактоо тармактарынын 309 миңге жакын кызматкерлеринин эмгек акысы жогорулай турганын билдирген.
Ага 2022-жылдын 9 айына кошумча 26 миллиард сом бөлүнгөн.
25-апрель, 2022-ж. / Редакция / Коом 33
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X