Президентке кайрылган баткендиктердин маселеси каралды

11-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 93

Баткенде Садыр Жапаровго айтылган маселелер жеринен каралды

Баткен облусунда президент Садыр Жапаровдун эл менен жолугушуусунда көтөрүлгөн маселелердин аткарылышы текшерилди. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, облус башчысы Мамыржан Рахимов Кадамжай жана Баткен райондорунан мамлекет башчысына кайрылган тургундардын көйгөйлөрү менен жеринен таанышты.

Алгач Кадамжай районундагы Баяман Баатыр мал базарына барып, анын учурдагы абалы, ишмердүүлүгүндөгү көйгөйлөр жана соода жүргүзүүгө шарт түзүү маселелери каралды.

Андан соң Баткен районунун Ак-Турпак айылындагы карьерге байланыштуу маселе талкууланды. Анда жергиликтүү тургундардын кызыкчылыгын эске алуу менен көйгөйдү мыйзам чегинде чечүү жолдору каралды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамыржан Рахимов тиешелүү жетекчилерге маселелерди жөнгө салуу боюнча тапшырмаларды берди. Маалыматта айрым көйгөйлөр чечилгени, калган иштерди толук бүткөрүү боюнча аракеттер уланары белгиленген.

11-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 93
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X