Президенттик шайлоо: Бир суткада Жапаров 48 миң кол топтоду

11-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 104

Президент Садыр Жапаров президенттик шайлоого катышуу үчүн талап кылынган 30 миң шайлоочунун кол тамгасын бир күнгө жетпеген убакытта чогултту.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) маалыматына ылайык, Садыр Жапаров 10-ноябрда түштөн кийин президенттик шайлоого талапкерлигин көрсөтүү тууралуу арыз тапшырган. Акыркы маалыматтар боюнча, аны колдогон шайлоочулардын саны 48 миң 742ге жетти.

Ал эми президенттикке өзүн-өзү көрсөткөн башка талапкерлердин арасында азырынча мыйзамда белгиленген 30 миң кол тамга топтоого жетишкендер жок.

Атап айтканда, талапкерлердин кол топтоо көрсөткүчтөрү төмөнкүдөй:

  • Сыймык Жалыкeев — 19 070;

  • Аймен Касенов — 16 058;

  • Исхак Масалиев — 11 227;

  • Азамат Эсенбеков — 8 702;

  • Акай Кыдыров — 5 196.

Белгилей кетсек, учурда бардык талапкерлер боюнча кол тамгаларды чогултуу иштери уланууда.

11-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 104
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X