Президенттин Администрациясынын жаңы имаратын ким курат?

18-апрель, 2022-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Коом 42

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жаңы имаратынын курулушун атамекендик «TS Group» компаниясы жүргүзөт.

Азыркы учурда жаңы имарат куруу үчүн алмаштырыла турган 16 га аянттагы жер тилкеси боюнча кошумча комиссиялык баа жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Президенттин басма сз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, эгерде 16 гектар жердин баасы административдик имараттын иш жүзүндөгү наркынан ашып кетсе, курулуш компаниясы башка зарыл объектилерди куруу боюнча кошумча кызматтарды көрсөтөт.

Белгилей кетсек, 16 гектар жерге шаардын азыркы планына интеграцияланган, өнүккөн инфраструктурасы бар заманбап көп функционалдуу комплекс курулат.

18-апрель, 2022-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Коом 42
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X