Президенттин Жарлыгын колдогон фатва чыкты

10-март, 2022-ж. / Редакция / Коом 54

Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгы «Маркумду акыркы сапарга узатууда ысырапкорчулуктун алдын алуу жөнүндө» фатва чыгарды.

Фатвада
Азалуу үйдө алгачкы үч күн ичинде мал союлуп, келгендерге дасторкон жайылып, тамак-аш берилбесин;
Маркумга атап, үчүлүк, бейшембилик, кыркылык, жылдык өткөрүү бир дагы диний китепте айтылган эмес;
Маркумду коюп жатканда жыртыш таратуу, кийит кийгизүү шариятта жок;
Күмбөз тургузуу, эстелик коюу, коргон айлантуу шариятта жок нерсе, ысырапкерчилик. Ага кете турган акчаны жетим-жесирлерге, жакыр-муктаждарга берсе, сообу, пайдасы көбүрөөк болот,-деп айтылат.

«Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгы Фатваны аткаруу Кыргызстандагы бардык мусулмандар үчүн шарияттык милдет болуп эсептелет», — деп баса белгиленген.

Мындан тышкары, маалыматта маркумга сооп алып берүү тамак-аш менен гана чектелбесин, коомчулукка пайдасы тие турган мечит-медресе, мектеп же оорукана сыяктуу мекемелерге керектүү жабдууларды алып берип койсо, сообу андан да көбүрөөк болору кошумчаланган.

10-март, 2022-ж. / Редакция / Коом 54
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X