Профессор Каныбек ОСМОНАЛИЕВ: “Жаатташканды жыйыштырып, жаратмандыкка өтөлү!”

1-апрель, 2022-ж. / Редакция / Жаңылыктар 65

— Жакында Президент Садыр Жапаров ӨКМ жана УКМКнын Чек ара кызматына  атайын техникаларды тапшырды. Сиз бул саамалыкты кандай кабыл алдыңыз?

Профессор Каныбек ОСМОНАЛИЕВ

“Жаатташканды жыйыштырып, жаратмандыкка өтөлү!”

— Президент Садыр Жапаровдун ӨКМ менен УКМКнын Чек ара кызматына аскердик техникаларды тапшырганы Кыргызстандын жаңы тарыхында көрүнүктүү окуя болуп калды. Тилекке каршы, учурда дүйнөлүк масштабда саясий олку-солкулуктар орун алып, бир топ үрөйдү учурган согуштук тирешүүлөр тутанып кетүүдө. Анын үстүнө биздин чек араны коргоо жана элибиздин тынчтыгын камсыздоо көйгөйлөрү дагы уламдан-улам күчөп келет. Мурдагы бийлик мындай маанилүү маселелерди чечүүнүн ордуна, курулай шылтоолорду айтып, армиянын жана чек аранын материалдык-техникалык абалын күчөтпөй, өлкөбүздү арасат абалга кептешкен. “Россия жана башка бир топ мамлекеттерден аскердик — согуштук куралдарды алып жатабыз” деп ооз көптүргөндөрүнөн эмдигиче дайын жок. Россиядан 2016-2017-жылдары гранттык түрдө алдык деген, жалпы баасы 1 млрд долларга чамалаган согуштук-техникалык куралдар азыр кайда? Ким көрдү? Анын айланасында көптөгөн ушак-айыңдар айтылып, анан басылып калган. Мындай осол иштер көп болгон. Анын кесепетин былтыр апрель-май айларында тажиктердин капыстан кол салууларында көрдүк. Азап эле болду. Кырчын курак балдарыбыз набыт болушту. Дагы жакшы, саясий бийликтин дипломатиялык чеберчилиги менен согуш оту тутанган жок. Куралдуу күчтөрүбүздүн башкы кол башчысы, Президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен согуштук-аскердик потенциалды жогорулатуу боюнча чечкиндүү иштер башталганы мактоого арзыйт. Элдин эртеңки күнүнө зор үмүт берет. Отуз жыл ичинде кечээ гана бюджеттин эсебинен жаңы аскердик техникаларды Чек ара кызматына Россиядан сатып бердик. Сыймыктана турган иш. Жакшы саамалык. Бирок, бул ийгиликтерге маарып отуруп албай, мындан ары дагы коопсуздугубузду камсыздай турган иш-чаралардын көп болушун каалайм. Бул өлкөбүздүн экономикасынын жандана баштаганынын белгиси. Албетте, кыйынчылыктар дагы деле арбын. Бирок, иштесе болот экен го? Ошондуктан өз ара жаатташканды жыйыштырып, өлкөбүздүн туруктуулугун камсыз кылууга багытталган жаратмандыкка өтөлү!

№31 «Эркин-Тоо» гезити
2021-жылдын 1-апрели
Жазгүл Карбосова

1-апрель, 2022-ж. / Редакция / Жаңылыктар 65
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X