Путин менен Байдендин жолугушуусуна даярдыктар кандай көрүлүп жатат?

Женевадагы Ла-Гранж вилласында Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин менен АКШнын президенти Джо Байдендин жолугушуусуна кызыл килем төшөлүп, даярдыктар кызуу жүрүп жатат.

Президенттердин жолугушуусунун программасында көрсөтүлгөндөй, россиялык лидердин учагы Москва убактысы боюнча саат 13.30да конду. Женеванын аэропортунан ал түз эле Ла Гранж вилласына жөнөйт. Аны протокол боюнча өлкө президенти Ги Пармелен тосуп алат. Андан соң биргелешкен фотосессия. Жергиликтүү маалымат каражаттарынын билдирүүсүндө саммитке даярдыктар жогорку деңгээлде өтүүдө: тыкыр текшерилген азык-түлүктөр, вилланы кайтарган полиция кызматкерлери.

Коопсуздук чараларын көрүү максатында, Ла-Гранж паркынан баштап О-Вивге чейин  зым тартылып, вилладан көп алыс эмес аймакта аскердик техникалар орнотулду.

Женевага Кремль менен Ак үйдүн делегациялары толугу менен келгени маалымдалды. Белгилей кетчү жагдай, америкалык жана россиялык журналисттер үчүн өзүнчө кириш жана пресс-борборлор даярдалды. Россиялык журналисттер үчүн 150 орун камдалган. Эске салсак, Кремлдин берген маалыматы боюнча, Путин менен Байдендин жолугушуусу үч бөлүмдөн туруп, кеңейтилген жана тар курамда өтмөкчү. Саммит орто эсеп менен 5 саатка созулат.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X