"Эркин-Тоо"

Путин Тажикстанга барууну пландоодо

Орусиянын президенти Владимир Путин келерки аптада Тажикстанга барат. Бул тууралуу орус басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, Путиндин келерки аптада Дүйшөмбү шаарына барышы күтүлүүдө. Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен баарлашуу жана жумушчу түшкү тамак пландалганы айтылат.

Мындан тышкары, орус лидери Индонезиянын президенти Жоко Видодо менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү, ошондой эле Ашхабадга (Түркмөнстан) барууну пландаган, ал жерде Каспий саммитине катышат.

Бул орус лидеринин Украинада атайын аскердик операция башталгандан берки биринчи чет элдик сапары болмокчу.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!