Равшан Жээнбековдун жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Равшан Жээнбековдун жер тилкеси мамлекеттин пайдасына кайтарылды. Маалыматты КР Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

УКМК тарабынан тергөөгө чейинки текшерүүнүн алкагында тергөө иштери жүргүзүлүп, жыйынтыгында Талас облусунун Киров суу сактагычынын жээгинде жайгашкан жалпы аянты 4 гектар болгон «Эдельвейс-Тур» эс алуу зонасы мамлекетке ыктыярдуу түрдө кайтарылган.

Баалоо экспертизасынын корутундусуна ылайык, жеңил конструкциядагы административдик имараттары бар жер тилкесинин баасы 16 млн 871 миң сомду түзөт.

«Аталган жер тилкеси 2000-жылдардын аралыгында КР Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун жетекчиси болуп турган Равшан Жээнбеков менен аффилирленген жактарга мыйзамсыз берилгени аныкталган», — деп айтылат маалыматта.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X