Репрессия курмандыктары эскерилди

17-март, 2022-ж. / Редакция / Жаңылыктар 50

Кыргызстан эл аралык университети репрессиянын курмандыктарынын 85 жылдыгына карата эки күндүк”Ак ийилет, бирок сынбайт” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияны уюштурду.

10-мартта “Ата -Бейит” мемориалдык комплексинде Ж.Абдырахмановдун, Б.Солтоноевдин, И.Арабаевдин А.Орозбековдун, К.Тыныстановдун, Т.Айтматовдун ишмердүүлүгүнө арналган талкуулар өттү.

Эл аралык илимий-практикалык конференциянын максаты – кыргыз элинин алгачкы мамлекеттик ишмерлеринин кыргыз элине жасаган эбегейсиз зор эмгегине, тарыхта жана маданиятта калтырган өчпөс изине, атуулдук ариетине кайрылуу менен азыркы ааламдашуудагы ордун изилдөө болду.

Эртеси иш-чара Ысык-Көл районунун Чырпыкты айылында уланды. К.Тыныстанов атындагы орто мектептин жыйындар залында пленардык отурум ишин улантып, улуу инсан Касым Тыныстановго арналган докладдар окулду. Кыргызстан эл аралык университети уюштурган бул айылдагы конференцияга аталган университеттин кызматкерлери, студенттери, К.Карасаев атындагы БГУнун, К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин жана К.Исаков атындагы ОшМУнун окутуучулары катышты. Конференцияда кызуу талкуу жүрүп, ал өз максатына жетти. Аягында резолюция кабыл алынды.

№26 «Эркин-Тоо» гезити
2022-жылдын 15-марты
Сымбат Максутова

17-март, 2022-ж. / Редакция / Жаңылыктар 50
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X