Россия Баткендеги талкаланган инфраструктураны калыбына келтирүүгө жардам берет
Россия тарап Баткен облусундагы чек арага жакын жайгашкан аймактардагы жаңжалдан улам талкаланган инфраструктураны калыбына келтирүүгө жардам берүүгө даяр экендигин, КР Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченконун жолугушуусунда айтылды.
Маалым болгондой, тараптар кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууну талкуулашып, Россия тарап Баткен облусундагы кыйроого учураган инфраструктураны жана социалдык объекттерди калыбына келтирүүгө жардам берүүгө даяр экендигин айтты.
Руслан Казакбаев Россия мамлекетинин коронавирус пандемиясы башталгандан Кыргызстанга ар тараптуу колдоо көрсөткөндүгү жана кайтарымсыз негизде “Спутник V” вакцинасынын биринчи партиясын бергендиги үчүн ыраазычылык билдирди.