Россиядан 1 млн рублдан ашык акча жана 100 граммдан көп алтын алып чыгууга чектөө киргизилди

29-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 129

Россия Федерациясынын Президентинин 2026-жылдын 25-мартындагы № 193 Жарлыгына ылайык, физикалык жактарга Россиядан Кыргызстанга      1 миллион рублдан ашык, ал эми юридикалык жактарга жана жеке ишкерлерге акча каражттын өлчөмүнө карабастан накталай акчаны (рубль) алып чыгууга тыюу салынат.

Ошол эле учурда, юридикалык жактарга жана жеке ишкерлерге томөндөгү учурларда акчаны алып чыгууга уруксат берилет:

— айрым эл аралык аэропорттор аркылуу акчаны Россиянын банктарындагы эсептен алынгандыгын тастыктаган документтер болсо;

—  валютаны ташуу эл аралык ташуулардын алкагында жөнөтүү пункту жана баруучу пункту да Россиянын аймагынан тышкары жайгашкан учурда жана аталган валютанын Россияга алып келингендиги ырасталса.

Бул чектөө бузулган учурда, жеке жактардан 1 миллион рублдан ашык бөлүгү, ал эми юридикалык жактардан жана жеке ишкерлерден алып чыгып жаткан накталай акчалар толук көлөмдө конфискацияланат.

Мындан тышкары, жеке жана юридикалык жактарга, ошондой эле жеке ишкерлерге Россия Федерациясынын аймагынан жалпы салмагы                   100 граммдан ашкан куйма түрүндөгү алтынды (аффинаждалган) алып чыгууга тыюу салынат.

Бул чектөө куйма түрүндөгү алтынды Россия Федерациясынын мамлекеттик чек арасы аркылуу Москва шаарындагы «Внуково», «Домодедово», «Шереметьево» жана Владивосток шаарындагы «Кневичи» эл аралык аэропортторунун аба өткөрмө пункттары аркылуу алып чыгууда, Федералдык пробирдик палатасынын тиешелүү корутундусу (уруксат берүүчү документи) болгон учурда колдонулбайт.

Өкүлчүлүк накталай акча каражаттарын жана куйма түрүндөгү алтынды алып чыгууну пландагандарга жогоруда көрсөтүлгөн талаптарды эске алууну сунуштайт.

Ошондой эле, Өкүлчүлүк 2027-жылдын январынан тартып Россия Федерациясынын мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр күчүнө кирерин, алар менен эмгек мигрантынын жана анын Россияда жүргөн үй-бүлө мүчөлөрүнүн жашоо минимумунан төмөн эмес деңгээлде кирешелерди текшерүү каралаарын маалымдайт.

Бул өзгөрүүлөргө ылайык, ишкердик иш  менен байланышпаган жеке муктаждыктарын камсыз кылуу үчүн жеке жактарда иштеген чет өлкөлүк жарандар өздөрү үчүн жана Россияда жашаган шартта үй-бүлө мүчөлөрү (жубайы, балдары) үчүн аванстык төлөмдү (жеке жак) төлөөгө милдеттүү.

Өзүнө жана үй-бүлө мүчөлөрүнө жашоо минимумунан төмөн кирешенин  болушу эмгек/жарандык-укуктук келишимдин колдонулушун токтотуу жана Россия Федерациясында жүрүү мөөнөтүн кыскартуу жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн негиз болуп саналат.

Маанилүү! Терс кесепеттерди болтурбоо үчүн эмгек келишими же кызмат көрсөтүү жөнүндө келишимди түзүүдө иш берүүчүдөн эмгек акынын  чыныгы  суммасын көрсөтүүнү талап кылуу сунушталат — ал чет өлкөлүк кызматкердин ар бир үй-бүлө мүчөсүнө региондук жашоо минимумунан төмөн болбоого тийиш.

29-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 129
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X