Роза Айтматова — ак сөөктүктүн, адептин жана асылдыктын үлгүсү
Нуржигит Кадырбековдун эскерүүсү
Роза апа… Кандай керемет аял элеңиз. Аз сүйлөп, көп тыңдап, адам көңүлүн аярлаган бийик адебиңизге суктанчумун. Миң сөз менен айтчу кепти бир көз караш менен туюндура алган даанышмандыгыңызга таазим этчүмүн. Жүзүңүздө нур, жылмаюуңузда сыр, каректериңизде тереңдик, жүрөгүңүздө кенендик сезилип турчу. Бешенеңизде балбылдаган жылдызыңыз көргөн көздү кубантып, көңүлдү жылытчу. Өңүңүз, өңүңүзгө жараша жан дүйнөңүз өзгөчө сулуу көрүнчү.
Сизди улам көбүрөөк тааныган сайын ак сөөктүк Айтматовдордун тегинде, канында бар касиет го деген тыянакка келгемин.
Роза апа, акка моюн сунуптурсуз. Сиз менен жолугуп, таанышып калганыма Кудайга чексиз ыраазымын. Чыңгыз атанын да, сиздин да ак батаңызды алуу бактысы буюрганына кубанам. Бейиштик болуңуз, асылзат кыргыз айымы. Артыңызда жаркын элесиңиз, алтындай атыңыз, өчпөс изиңиз, мендей ышкыбоз күйөрмандарыңыз калды. Не деген сонун китептериңиз калды. Салмактуу, чын ыкыластан айткан кептериңиз кулакта жаңырат.
“Мен атамды таптым” деген китебиме жазып берген баш сөзүңүз жана повестке берген жогору бааңыз үчүн сыймыктанам. Мен сизге ыраазымын.
Бейиштик болуңуз, Роза апа. Рухуңузга фатиха сүрөсүн багыштайм.