Роза Аманова: «Туулган жердин кечтери сагындырат…»
Кыргыз Республикасынын эл артисти, Искусство таануу илимдеринин доктору, профессор Роза Аманова:
Токтогул, Эшманбет, Бекназар, Коргол, Тууганбай, Сейдана өңдүү өнөр ээлери төрөлгөн Кетмен-Төбө өрөөнүнүн Токтогул шаарчасында 1973-жылдын 23-февралында жарык дүйнөгө келиптирмин. Ар бир адамдай эле туулган жерди сагынуу, төркүнүңө барганда эркелеп эреркөө, кошуна-колоңдун, окуткан мугалимдердин жылуу сөзүн угуу – мен үчүн да эңсөө. Асманы эч өзгөрбөгөн балалыгымдын ар бир мүнөтү сагындырат.
Бала кезимде көпкөк асмандагы булуттардын жылганын баамдап, тиктегенди жакшы көрчү элем…Ачык асмандагы булуттар жыйын өткөргөндөй сезилчү. Ал жыйынга мен да катышып жаткансып, сүйлөшө берчүмүн. Тээ балалыктагы максат-тилектер орундалышы үчүн, билим алыш керек экендигин, баео балалыгымдагы бийик максаттарды багындырган сайын кыялымда ошол асман, ошол булуттар, эң башкысы Жаратканым колдоп келе жатканын жан дүйнөм менен туюп келем.
Ата- энем…
Мен бакма баламын… Ыраматылык атам Аманов Асан (таятам) менен Чоңмурун кызы Маржанкүлдүн (паспорту боюнча Мария) небереси (кызынын кызы) болгонума карабай өлгөн эркек балдарынын ордуна бала тутуп, фамилиясын берип, көзгө басаар перзентим деп өмүрүмдү, багымды тилеп өстүргөн бала экенмин. Атамдын мойнуна гана көтөрүп жүргөнү эсимде калды. Ал киши мен акыл токтото элек алты жашымда дүйнөдөн өтүп кетти. Ал эми апам мени кантип бакканын, тарбиялаганын айта турган болсом өзүнчө эле бир китеп жазса болчудай. Мезгили келгенде ал китеп да жазылаар. Себеби ар бир күн манилүү экендигин жадабай айтаар эле…
Заман агымына жетеленген жылдар
Биздин жалындаган жаштыгыбыз өткөн кылымдын 90-жылдарына туура келди. Өлкөбүздүн эгемендүүлүккө кадам ташташы менен кошо өткөөл учурдагы кыйынчылык бизди айланып өтүп кеткен жок. Эл көргөн турмушту биз да башыбыздан кечирдик. Талон менен күрүч, май, кумшекер алыш үчүн турган узун кезектер али да көз алдымда. Чайкоочулук кылгандардын кадыры артты ал жылдарда. Ошондогу иштин көзүн тапкандар азыр дагы элдин алды экени талашсыз. Демократиядан алган сабактар кимди кандай жол менен турмуш дайрасына агызбады. Кээ бир учурда баш-аягы жок ойлор жетелейт. Заман агымы өлкөбүздү стабилдүүлүккө, тынчтыкка, ынтымак-ырашкерликке жетелесе экен дээр элем.
25 жаш…
Тагдыр менин чыгармачылыгымдын көшөгөсүн 14 жашымда эл алдындагы чоң сахнада, болгондо да Токтогул атабыздын атын алып жүргөн Улуттук филармонияда ачууну маңдайыма жазган экен. Ошол 1987-жылдын 29-октябры ар күнү бүгүнкүдөй жадымда. Ал эми 25 жашымда Анатай Өмүркановдун сөзүнө жазылган “Мен сени сагынгым келет” аттуу чыгармасынын калың эл арасында алкоого татып, мактоолордон канатыма канат бүтүп турган кезим өмүрүмдүн жашыл шиберин эске салат. Себеби, ошол 25 жашымда Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти наамына ээ болдум. Жараткан жылоолоп буйруп койсо, кыргыздын кыраан акыны Байдылда Сарногоев айткандай 50 жаштын ашуусун багынтып, чыгармачылык боюнча “эл алдында отчет” бере турган күнгө жеткирсин.
Жаз, жай, күз, кыш
Мезгилдер алмашса жан дүйнөм да тазарып, алмашкандай туюлат. Өзгөчө чыгармачыл айымдарды жаратылыш, табийгаттан бөлүп кароо мүмкүн эмес. Табийгаттын төрт мезгили тең сонун. Бу жарыкчылыктын өзү керемет экендигин, табият менен эриш-аркакта өмүр сүрүүнүн өрнөгүн көчмөндөр цивилизациясын курган ата-бабаларыбыздан көрүүгө болот. Не деген тарыхый маалыматтар бар. Башкасын айтпаганда да, жаратылыш менен гармонияда жашоонун моделинин сүртүмдөрү музыкалык чыгармаларда сакталып калгандыгы… Өмүрдөгү мезгил мерчемдери турмуш шартка, жагдайга жараша ар кыл ойлорго жетелээри талашсыз. Бекеринен элибиз бейоопа келген санаадан сактасын дебегендир…
Булакты көрсөң көзүн ач
Тагдыр мага улуу устаттардын мектебинен тарбия алууну буюрган экен. Эстебес Турсуналиев, Болуш Мадазимов, Асек Жумабаев, Калыбек Жекшенов… Кайран залкарлар! Ар бири кыргыз маданиятынын чолпон жылдызы эле. Устаттарымдын чыгармаларын кандай үйрөнсөм, ошол бойдон шакирттериме үйрөтүүгө аракет кылып келем. Кудайым буюрса, ушул жылы устаттык өнөрканамды жандандыруунун үстүндө көбүрөөк иштесемби деп турам. Салттуу музыкалык искусствонун алып жүрүүчүсү болом деген таланттуу күйөрмандарымды, өнөр ээлерин (каалоочуларды) чогултуп, жакшы иш баштасамбы деп жүрөм. Мындан үч-төрт жыл мурда казактын мыкты өнөрпоз кызы Майра Ильясова эже менен кереметтүү көл жээгинде бир замандын мыктыларын чогултуп, этнофестиваль өткөрөлү деп сүйлөштүк эле. Түрк элдеринин таланттары бабалардан аманат калган чыгармаларды улуу, орто, кичүү муундардын аткаруусунда угуучуларга тартууласак деп ойлогонбуз. Казак эли бул долбоорду пандемияга карабай ишке ашырды. Алар 2021-жылдын ноябрында “Бабалардын үнү” деп өтө мыкты деңгээлде уюштурушуп, эстафетаны бизге өткөрүп беришкен. Буюрса, 9-сентябрь “Комуз күнүнө” карата өлкөбүздүн Маданият, маалымат жана спорт министрлигинин жардамы менен өткөрсөк деген аракеттерди көрүп жатабыз. Кыргыздын салттуу музыкалар фондунун директору А. Керималиева демилгелегендердин сап башында турат. Тилибиз, дилибиз бир түрк элдерин касиеттүү Көл жээгине чогултуп, чыгармачылык эргүү менен бабалардын аманат ырларын аткарсак керемет эле фестиваль болчудай.
Бир ырдын тарыхы
Жакында Түмөнбай Колдошевдин концертине катышып, Алым Токтомушевдин сөзүнө жазылган “Баралган жокмун”аттуу чыгармасын аткарып чыктым. Ырдын жаралыш тарыхы жөнүндө автордон уккандан кийин аткарууга макулдугумду бердим. Алым Токтомушев менен Шербет Келдибекованын жаштык күндөрү, турмуш сыноолору, тагдыр таразасына түшкөн мезгилде жазылыптыр. Эң башкысы, аруу кезде айкалышкан арзуу-махабаттарынын илеби, эки таланттуу инсанды өмүрдөн өткүчө кол кармаштырып, намыстын да, сүйүүнүн да туусун бирге көтөрткөндүгүн, бир кезде алардын дарегине сын айткандарды сындыргандарында экен. Чын дилимден берилип, жан дүйнөм менен туюп аткардым.
Кылымга айтаар дастан көп
Оозеки салттагы профессионалдык музыкалык искусствонун айтуучулук багытындагы бул өнөрдү, эпикалык чыгармаларды же музыкалык поэмаларды аткаргандарды “дастанчы” деп атай баштадык. Себеби, илгери атайын дастанчы болуптур деген маалыматтар кездешкен жок. Атам замандан бери эле манасчы, төкмө акындар же төрт тарабы төп келген өнөр ээлери ырчы деп аталып келгендигин билебиз. Буга биринчи «Манас» эпосубузду айткан Ырамандын ырчы уулу далил болуп келет. Дастан сөзүнүн этимологиясы – Жакынкы жана Орто Чыгыштагы, Түштүк-Чыгыш Азиядагы фольклордогу жана адабияттагы эпикалык чыгарма. Перс тилинде аңгеме деген түшүнүктү билдирет. Кыргыздарда төкмө акындар эле элдик эпос, дастандарыбызды аткарып, а түгүл өздөрүнүн варианттары менен айтышкан. Заманга жараша санат-терме айткан өнөрпоздорду келечекте санатчылар деп айтып калышыбыз толук мүмкүн. Азыркы төкмө акындар дастанчылык өнөрдү көтөрүү максатында илгеркилердей болуп жаңы эпосторду жаратса, албетте, жакшы болмок. Балким жаратышаар. Ал эми жаттап айта турган айтуучулук өнөрдөгү дастанчылыкты өркүндөтүүдө биздин мезгилдеги тарыхый окуяларды өзөк кылып алган жаңы чыгармаларды жаратуу маселеси каралыш керек.
Инстаграмм
Азыркы учурда интернет, социалдык тармактар укмуштуудай өнүгүп, жашообузду ансыз элестете албай калдык. Мен мурда мындай баракчаларды ишкердик чөйрөсүндө гана өнүгүүнүн бир жолу деп түшүнчү элем. Көрсө ар тараптуу, туура багытта колдонуунун жакшы ыкмасы, куралы экенине көзүм жетти. Замандын агымынан артта калбай мен да жакындан бери инстаграмм баракчамды ачтым. Чыныгы күйөрмандар менен ортомчусуз пикир алмашуу, суроолорго түз жооп алуу, жада калса айрым мен үчүн ойлонуп тынч уктай албай калган “адамга окшоштор” да керектүү маалымат ала алышат. Өзгөчө таланттуу жаштарга акыл айтып, жол көрсөтүп, чыгармачыл пайдубал түптөөгө инстаграмм аркылуу байланышып турам.
№37-38 «Эркин-Тоо» гезити
2022-жылдынр 22-апрели
Разия Жоошбаева