"Эркин-Тоо"

Руслан Казакбаев ооматын көркүнө чыгара аткарууда

Турмуштук тагдырына эл аралык деңгээлдеги өңчөй үлкөндөр менен иштешүү жазылган дасыккан дипломат, өлкөбүздүн Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев жыл соңунда Түркиянын Президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушту. Элчиликтин “эки тизгин, бир чылбырын” колго алган Казакбаев ишеним грамотасын тапшырууга байланыштуу түрк ажосу менен Анкарадагы жолугушууда Эрдоганга Садыр Жапаровдун атынан жаңырган жылга карата саламын, жакшы каалоосун айтты. Жолугушууда тараптар мамлекеттер ортосундагы тарыхый достук, бир туугандык мамилелердин жогорку стратегиялык деңгээлин белгилешти. Түрк Президенти Режеп Тайып Эрдоган өз кезегинде Руслан Казакбаевди Түркиядагы дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктап, ага ийгиликтерди каалап, түрк тарап элчинин ишине ар тараптуу жардам көрсөтүүгө даяр экенин билдирди. Көрдүңөрбү? Кыргыздын баш көтөргөн уулун өзүбүз эмес, дүйнө лидерлери баалап атышканын. “Эт эмес же чел эмес” айрым министрлерге караганда барбалаңдаган, улуу-кичүү, алтургай эл аралык деңгээлде да мамиле күтө алган кыргыздын кулуну бул кызматынан да элибиз үчүн үлкөн иштерди аткараарына бөркүңөрдөй ишене берсеңер болот. Табиятынан мырза сапаттарга ээ, жигитчилик мамилени көркүнө чыгарган дипломатты мындай шартта колдоп жазуу да бир эсе сыймык эмей эмне?!

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!