"Эркин-Тоо"

Руслан Жакышов баарына “Кыргызгазды” күнөөлөдү

Депутат Руслан Жакышов Бишкектеги түтүнгө күнөөлүүлөрдү атын атады. Жогорку Кеңештин 22-январдагы жыйынында ал түтүн борбор шаардын гана эмес, бүтүндөй Кыргызстандын трагедиясы экенин айтты. Анын айтымында,  учурда турак жайлардын 99%ы Кара-Кече көмүрү, мончолору тигүү калдыктары менен жылытылат. Жакышов  демөөрчүлөр тарабынан газдаштырууга 1 миллиард доллар бөлүнгөнүн, бирок кымбатчылыктан улам  газды жалаң байлар гана киргизип жаткандыгын белгиледи.

«Жыл сайын бул маселени көтөрүп, жыйындарды өткөрүп турабыз. Адамдар ооруп жатышат. Аны чечүүнүн жолдору жок. Баарына “Кыргызгаз” күнөөлү! Эмне үчүн бааларды түшүрбөйт? Карапайым элде газды киргизүүгө 100миң сом жок!  Бааларды арзандайбы?” деп нааразы болду депутат.


Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!