СҮРӨТ — Талас каналына түшүп кеткен кыздардын биринин сөөгү табылды
Талас каналына түшүп кеткен кыздардын биринин сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Талас облусунун Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Дөбө айылынан өтүүчү кичи Талас каналына 24-июнда 14 жаштагы Т.А. жана 13 жаштагы Ы.Д. аттуу 2 кыз түшүп кеткендиги тууралуу маалымат 102 кызматынан түшкөн.
Издөө иштерин жүргүзүү үчүн Бакай-Ата райондук №93 ӨКБдан 10 куткаруучу тартылып, саат 08:30 чамасында изделип жаткан 2 кыздын бирөөсү жергиликтүү тургундар тарабынан табылган.
Учурда издөө иштери уланууда. Кошумча маалымат берилет.

