Кыргызстанда сүттүн өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн донорлор 17 млн доллар берет
Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинде Кыргыз Республикасы менен Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө келишимдин долбоору жана «Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу» долбоорун (5918-КG насыя, D147-KG грант), каржылоо жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө макулдашуу-катынын долбоору каралды.
Баяндамачынын айтымында, Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясы Кыргызстандын Ысык-Көл, Нарын, Талас облустарында уйлардын тукумун жакшыртуу жана сүттүн өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу максатында 17 млн доллар өлчөмүндө каражат бөлөт. Анын жарымы жеңилдетилген насыя жана жарымы грантык каражат болуп саналат. Насыя 38 жылдык мөөнөткө 0,75 пайыздык үстөгү менен берилүүдө.
Бул долбоор буга чейин Ысык-Көлдө пилоттук долбоор катары сынактан өтүп, өзүн жакшы жагынан көрсөткөн. Долбоорго өзгөртүүлөр киргизиле турган болсо, 10 миң фермерге 3 жылдык мөөнөт менен 1,5 миң доллардан насыя берилет. Жыйналып алынган каражат кайрадан башка фермерлерге бериле берет.
Бир катар депутаттар мындай жакшы долбоорду башка аймактарга да жайылтуу керектигин айтышты. Ал эми тармактык комитеттин төрагасы Эмил Токтошев каражатты алуу жол-жоболорун тездетүү зарылдыгын баса белгиледи.