Сөз эркиндиги ээн ооздук эмес

27-декабрь, 2024-ж. / Редакция / Эркин Тоо гезити 68

Элдик Курултайда айтылып, коомчулукта талкууга алынган темалардын бири – сөз эркиндиги болду. Азыр дагы бул жааттагы күбүр-шыбыр кептер эл арасында токтой элек. Негизи, сөз эркиндиги боюнча маселе кечээкиге же бүгүнкүгө барып такалып калбайт. Ал эртең дагы, келечекте дагы айтыла бере турган нерсе. Албетте, өлкөдө кандай гана өзгөрүү, өнүгүү болбосун, кемчиликтер кетпей койбойт, ал сөзсүз түрдө айтылып, сындалып турушу керек. Сөз эркиндигин эч ким чектей албайт, өзгөчө кыргыздын оозун күч менен жабуу мүмкүн эмес.

Азыркы бийлик башындагылар дагы жергиликтүү бийликтен баштап жогорку жетекчилерге чейин кемчиликтер айтылышы керектигин баса белгилеп, сөз эркиндигине эч кандай тоскоолдук кылынбай тургандыгын тынымсыз билдирип келе жатышат. Бирок, сөз эркиндиги менен ээн ооздукту алмаштырып алган учурлар көп болууда, мына ушуну тактоо боюнча талкуулар болуп келе жатат. Оозго киргенди оттоп, жек көргөн адамды колунан келишинче көөлөгөн учурлар арбын. Жалган маалыматты да таратып коюп, эл ичин будуң-чаң кылгандар дагы бар. Социалдык түйүндөрдөгү жөнөкөй жарандар гана эмес, эл аралык деңгээлдеги “Азаттык” медиасы дагы мындай алешемдиктерге жол бергенине күбө болуп келе жатабыз. Кыргыз-тажик чек арасындагы чырда Кыргыз мамлекетинин кадырына көлөкө түшүргөн жалган маалымат чыгарып, аны өчүрбөй бир жылдай Маданият министрлиги менен тартышкан. Андан кийин Президент Садыр Жапаров жөнүндө түшкө кирбеген маалымат таратылып, ал бир күн бою сайтында илинип турганы Курултайда дагы айтылды. Эртеси “көчөдө жүргөн аялдан алдык эле” демиш болуп кечирим сурашып, өчүрүптүр. Бирок, ал маалымат 30дан ашык мамлекетке которулуп, тарап кетти. Негизинде, мына ушундай жорук-жосундар тескелиши керек. Ар ким оюна келгенин дөөрүй берсе, мамлекетте туруктуулук болбойт. Биринин артынан экинчиси кайталанган башаламандык өкүм сүрүшүнө жол ачат. Өзүнүн пайдубалын бекемдеп алган өлкөлөр мындайга жол бербейт. Мисалы, сөз эркиндигинин, демократиянын атасы делген АКШда жалган маалымат тараткан ЖМК чоң суммадагы доого жыгылды. Президент Дональд Трамп 15 млн долларды азыр төлөтүп алып жатат. Ал эми биздин Президент 15 млн доллар эмес, 15 млн сомдук доого жыга турган болсо, Батыштын грантын жеп жүргөндөр менен көчөдө кыйкырык салгандар “сөз эркиндиги өлдү” деп жер жүзүн жаңырта кыйкырып, дүйнөнү аласалдырып жибермек.

Айтор, жалган маалымат таратканыбызды да моюнга албаган митайымдыкка көнүп баратабыз, мындан кетишибиз керек. 30 жыл бою алмак-салмак бийликке келип мамлекетти талкалагандар бизге ушундай жалган жалаа жапмай өнөрдү дагы үйрөтүп кетишкен, андан силкине турган маалга келдик. “Ойноп сүйлөсөң дагы, ойлоп сүйлө” деген бабалардын нарк-нускасындай, ар бир айтылган сөзүбүздө чоң жоопкерчилик бар экендигин түшүнө турган учурга жеттик. Мындан сырткары, ким акча төлөсө ошонун бийин бийлей бергенден дагы алыстап, бери дегенде абайлай турган мезгилде турабыз. Дегенибиз, мамлекеттин бүтүндүгү ички жана сырткы оюнчулардан бийик турат. Курултайда Садыр Жапаров сырттан каржыланган жалпыга маалымдоо каражаттарынын эки жыл ичинде миллиондогон долларлык каражаттарды алганын ашкерелеп берди. Көчөдө жүргөн жөнөкөй жаранга деле түшүнүктүү, алар олчойгон акчаларды биздин журналисттер же бейөкмөтчүлөр жанын баксын деп жөн эле таратып жаткан жери жок. Өздөрүнүн саясатын жүргүзүп, геосаясий алкактагы жеке кызыкчыкты көздөгөн иштерин жасаш үчүн беришүүдө. Биз алардын курмандыгына айланып калбашыбыз керек.

Эч кимге жашыруун эмес, интернет айдыңында коомчулуктун нааразычылыгын жаратуу, бөлүп-жаруу жана келечек туңгуюкка кептелгендиги тууралуу маалыматтарды таратуу бир катар ЖМКлар жана блогерлер үчүн бизнестин бир түрү болуп калды. Алар элдин тынчтыгы, мамлекеттин бүтүндүгү дегенди ойлонуп койбостон, акча үчүн асманды дагы аңтарып бергенге даяр болушууда. Садыр Жапаров журналисттер менен блогерлерден өтүнүп, “Сөз эркиндигин жалган маалымат таратуу менен алмаштырбаңыздар” дегени да ушундан улам болду. Жалаа жана жалган маалыматтардын жардамы менен Кыргызстандын жарандарын бөлүп-жаруу, чыр-чатактарды түзүү аракеттери, албетте тынчсызданууну жаратпай койбойт. Биздин коомдо фейктерге каршы иммунитет калыптана баштаганы менен, алар таңуулаган “сенсациялуу” маалыматтарга калктын басымдуу бөлүгү ишенерин бүгүнкү жашоонун чындыгы менен көрүп жатабыз.

Кечээ жакында Азербайжандын Президенти Илхам Алиев да өз өлкөсүндөгү маалымат каражаттар кандай иштээри жана алардын ишмердүүлүгүн жөнгө салууда мамлекет кандай принциптерди карманары тууралуу айтып, “Биз баарын түшүнүп турабыз. Ошон үчүн мунун баарын тартипке келтиргенбиз. Маселен, азербайжандык маалымат каражаттарын чет элдик булак бир пайыз да каржылай албайт. Неге дебейсизби? Биз АКШдагы маалымат каражаттарын каржылабайбыз, туурабы? Эмне үчүн алар биздин маалымат каражаттарыбызды каржылашы керек? Ошентип, “Америка үнү”, “Азаттык” сыяктуу ресурстары аркылуу алар күнү-түнү элибиздин башына, өлкөбүзгө көө шыбап жатышат” деди. Негизинде, кайсы бир өлкө башка мамлекеттеги маалымат каражаттарын каржылоосу, кызыкчылыктардын кагылышын жаратпай койбойт. Биз деле кайсы бир өлкөдөгү маалымат каражатына акча берсек, биздин камчыбызды чабышын талап кылабыз. Сырттан каржыланган маалымат булактарын, бейөкмөт уюмдарын ушундай эле түшүнсөк болот. Алар биз ойлогондой мамлекетке көз каранды болбогону менен, турмуш чындыгында сырттан каржылаган булактарга мойнунан байланып калат. Демек, алардын тапшырмаларын аткарып, ишин кылып берет.

Кыскасы, өзүбүздүн кара курсактан мурун мамлекетибиздин бүтүндүгү, элибиздин тынчтыгы зарыл. Грант үчүн коомго бүлүк салып, элдин ичине от чачкандан оолак болушубуз керек.

“Кыргыз Туусу” гезитинин мурдагы башкы директору Мырзакат Тыналиев:

— Кыргызстанда сөз эркиндиги буга чейин эле болуп келген жана бүгүнкү күндө дагы бар. Мурдагы гезиттерде эмне деген гана макалалар жазылбады. Журналист өзүнүн жеке кызыкчылыгынан пайдаланып, нечендеген адамдарга ак жеринен айып тагып, туура эмес өңүттөгү маалыматтарды жазып эле келишкен. Учурунда ЖМКларга даттануу боюнча комиссия түзүлгөн. Ошол комиссиянын мүчөсү болуп эки жыл кызмат өтөгөм. Кээ бир учурларда аша чабуулар болуп кетип, соттук териштирүүлөр болуп кетет. Мына ошону биз сотко жеткизбей, сотко чейин териштирүү үчүн ушул комиссия түзүлгөн. Ушул комиссияда иштеген тажрыйбамдан айта алам, кээ бир учурда адамдарды ак жеринен каралап, материалдык жана финансылык кызыкчылык менен дагы пайдаланган учурлар кездешкен. Бирок, ал комиссия өзүнүн жумушун токтоткон. Бүгүнкү күндө кайра аны жандандыруу алдында турабыз. Анткени, азыр чындыгында эле журналисттер тарабынан аша чабуулар көп болуп жатат.

Иликтөөчү журналист Мирлан Дүйшөнбаев:

— Ар бир жаран өлкөдө болуп жаткан окуя, көйгөйлөр боюнча эркин ойлоно алышат, ошол эле учурда оюн эркин айта алышат. Бийлик бутактарын, жогорку бийликтеги кызмат адамдарын сындай алышат. Ар бир журналист же болбосо жөнөкөй адам оозеки түрүндө дагы, жазуу түрүндө дагы оюн эркин билдире алат. Мындан улам бизде сөз эркиндиги жок дегендерге кээде түшүнбөй кетем. Бизде Кудайга шүгүр башка өлкөлөргө салыштырмалуу сөз эркиндиги бар. Дүйнөдө сөз эркиндиги эле эмес, ойлонуу эркиндигинен ажыраган өлкөлөр дагы бар. Болгону биз мыйзам чегинде иш алып барганды, жоопкерчилигибизди билишибиз керек. Ар бирибиз айтканда, жазганда ошонун аркасындагы жоопкерчиликти билишибиз керек. Сөз эркиндиги бар деп эле каалаган нерсени сүйлөп, жаза берсек, каалагандай сындай берсек анда бул сөз эркиндиги эмес эле башаламандык өкүм сүргөн өлкөгө айланат. Дагы бир жолу айтып кетейин, бизде сөз эркиндиги бар, болгону аны айрымдар “сөз эркиндиги бар, демек мен эмнени айтсам, жазсам өз эрким, акты кара деп, жалганды чын кылып жаза берсем болот, ал үчүн мени эч ким эч нерсе кыла албайт жана укуктарыма шек келтирилбеш керек” деп түшүнүшөт экен. Бул эми ар бир адамдын жеке түшүнүгүнө жараша болот экен.

 

                                                                                                Кылычбек Кудайбергенов

27-декабрь, 2024-ж. / Редакция / Эркин Тоо гезити 68
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X