Сүлүктү шаарынын милициясы “Укук тартип”рейддик иш-чарасын өткөрдү-ФОТО

18-март, 2022-ж. / Редакция / Аймак 62

Сүлүктү шаарында милиция кызматкерлери, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары менен бирге  №8 И.Бектемиров жана №6 А.Кайымкулов атындагы орто мектептерде жергиликтүү тургундар менен жолугушууларды өткөрдү. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушууда  Президенттин каада-салттардагы ашыкча ысырапкерчиликке бөгөт коюу боюнча чыгарган Жарлыгын элге жеткирип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Мындан тышкары, шаар аймагында  15-17-мартта өткөн “Укук тартип” рейддик иш-чарасын түшүндүрүү менен кылмыштуулуктун алдын алуу, укук бузууларга жол бербөө багытында эскертүүлөрдү беришти.

Рейд учурунда Сүлүктү шаарындагы паспорттук режимдер, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын кызматкерлери автоунаалардын документтерин, кароосуз калган имараттардын жер төлөлөрү, чатырлары текшерилип чыгып, жыйынтыгында КРнын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде 31протокол толтурулуп, айып пулдар салынды.

18-март, 2022-ж. / Редакция / Аймак 62
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X