С.Ю. Глазьевге «Ардактуу профессор» наамы ыйгарылды

12-февраль, 2022-ж. / Редакция / Билим 45

Бүгүн, 12-февралда Академиялык Консорциумдун батыш кампусунда “Кыргызстан Эл Аралык” университетинде коллегия мүчөлөрүнүн жолугушуусу өттү. Жолугушуу Евразия экономикалык комиссиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча министри, Россия илимдер академиясынын академиги Сергей Глазьевдин Кыргызстандагы окумуштуулар, “Ала-Тоо” кыргыз-орус технопаркынын өкүлдөрү жана аталган университеттин жетекчилеринин катышуусунда өттү. Иш-чаранын максаты, Евразия экономикалык комиссиясынын өкүлдөрү “Ала-Тоо” кыргыз-орус технопаркынын негизделишинин алкагында кызматташтыкты улантуу болуп эсептелет. Жолугушуунун жүрүшүндө Глазьев илимий окутуунун ишмердүүлүгү, инфраструктура, университеттин материалдык-техникалык камсыздоосу менен таанышты. Ошондой эле иш-чаранын жүрүшүндө академик Сергей Глазьевге “ардактуу профессор” деген наамды ыйгарылды. Белгилей кетсек, кыргыз-орус технопаркын аталган окуу жайдын базасында түзүү чечими 2021-жылдын 17-июнунда илимий техникалык кеңештин президиумунун кеңешмесинде Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын өкүлчүлүгүгүн алдында өткөн.

12-февраль, 2022-ж. / Редакция / Билим 45
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X