С.Жапаров: «Ишкерлердин эсебинен киреше табалы деген жокпуз»

8-февраль, 2022-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Коом 30

Садыр Жапаров бүгүн, 8-февралда Бишкек шаарындагы “Дордой” соода-базар комплексине жана “Ош базарына” барып, контролдук-кассалык машина (ККМ) системасын ишке ашыруу тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

“Бул демилге контрабандадан жана эсепке алынбаган товарларды ташып келүүдөн кутулуу үчүн көтөрүлүп жатканын түшүнүшүңүздөр керек. Бизде ишкерлердин эсебинен киреше табуу же алардын эсебинен өлкөнүн бюджетин толтуруу тапшырмасы жок. Тескерисинче, мамлекет алардын иштөөсүнө шарт түзүп берүүдө. Ата мекендик экономиканын 40% көмүскөдө калганын айтып, аны ал жактан алып чыгып, ошол эле учурда кичи жана орто бизнес жабыркабасын деп жатабыз. Эгер мурда ККМди ишкер өзү сатып алышы керек болсо, азыр алар бюджеттин эсебинен алынат, ишкерлердин ыңгайлуу иштөөсү үчүн акысыз уюлдук тиркемелер болот”, — деп түшүндүрдү Жапаров.

Мамлекет башчысы акча жүгүртүүсү аз ишкерлер смартфондордогу мобилдик тиркеме аркылуу иштей ала турганын түшүндүрдү.

8-февраль, 2022-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Коом 30
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X