«Айтыш» республикалык коомдук фонду — төкмө акындардын чыгармачылыгын колдоо максатында түзүлгөн. Маданий ишмер Садык Шер Нияз — тарабынан 2001-жылы негизделген. 2004-жылдан тарта фондду төкмө акын Элмирбек Иманалиев жетектеген. Фонд КРнын эл артисттери, акындар Ашыралы Айталиевдин жана Тууганбай Абдиевдин айтыш мектебинин түптөлүшүнө, төкмө акындардын республикалык эл аралык айтыштарга активдүү катышуусуна өбөлгө түзүп келген. 2003-жылы Фонддун колдоосу менен «Ак таңдайлар» аттуу китеп жарык көргөн. 2004-жылы фонддун алдында «Калемгер» адабий клубу негизделип, УТРКнын «Айтыш», «Чечен айтыш», «Бетме-бет» телекөрсөтүүлөрүндө акындардын айтышы эл сыноосуна коюлуп келген. Кийинчерээк фонд эл аралык айтыштарды жана республикалык айтыштарды уюштуруу менен алектенди. 2006-жылы фонддун алдында “Айтыш фильм” киностудиясы да ачылды. Бул студиянын да негиздөөчүсү Садык Шер Нияз болгон. Быйыл «Айтыш» республикалык коомдук фондунун түзүлгөнүнө 20 жыл болду. Жакында Садык Шер Нияз агабыз Казакстандын Достук ордени менен сыйланды. Садык Шер Нияз агабыздын бул кош жакшылыгын куттуктап бардык. Каарманыбыз бизге фонддун 20 жыл мурда кантип түптөлгөнү тууралуу айтып берди.
Төрт сап ыр намысыма келтирген
— Мындан жыйырма жыл мурда кыргыз-тилинин акыбалы начарлап бараткан. Андыктан, тилди өнүктүрүү, өстүрүү боюнча көп ойлонор элем. Ошону менен катар “Айтыш” коомдук фондун түзүү идеясын да багып жүргөм. Бирок, ишке ашпай келген. Ошентип жүргөн күндөрдүн биринде Кыргыз Республикасында казактын Эрмек деген акыны менен кыргыздын Рахматтулла аттуу акынынын айтышы болуп калды. Айтышты көрүүүчүн баргам. Негизи казак эли төкмө акындарын бизден мурда колдоого алып, жардам бере башташкан эле. Ошол Эрмек акын мурдараак Казакстандагы айтыштардан «Волга» унаасын утуп алган экен. Аны уккан Рахматулла акын айтыш маалында Эрмек акынга тийишип, “Сен буржуй болуп калдың, – деп ырдап калды. Эрмек акын ага жооп кылып.
Бар болсо бүтүн дүйнө колдо тураар,
корооңдо бир-экиден «Волга» тураар.
Кыргыздын акындары жалаңаяк
ала кет деп, кол булгалап жолдо тураар,- деп ырдады.
Ошол сөз башыма балка менен ургандай тийди. Биз төкмө акындарыбызды колдоого албай койгондугубузду ошондо даана сездим. Ошол айтыш өтөөрү менен акындарды үйгө ээрчитип келдим да аларга жардам берүү аракети башталган.
Андан бери 20 жыл убакыт өтүптүр. Ошол фонд уюшулганда ага мүчө болуп кирген акындар бүгүнкү күндөөсүп, жетилип, арасынан канчалаган ак таңдайлар Элмирбек, Жеңишбек, Аалы, Азамат, Асылбек сыяктуу акындар чыкты. Андан кийин да мыкты акындардын мууну өсүп келе жатат.
Мобилдүү акындар
— Айтыш коомдук фонду далай эл аралык, республикалык айтыштарды уюштурду. Көп төкмө акындарды өстүрүп чыкты. Биз акындык өнөрдү жайылтууда ар кандай ыкмаларды колдонсо болоорун далилдей алдык. Азыр да изденүүүстүндө жүрөм. Мен акындарды мобилдүү, заманбап кылгым келет. Мисалы, үн чыгаруучу аппарат менен акындарды ырдаганда эле алардын үнү алыска чыгып тургандай кылуу жагын ойлонуштуруп жатам. Техниканын заманында мындай нерсени жасаш оңой эле. Акын сырттан кирип келгенде эле анын үнү, комуздун дабышы алыска угулуп турса гана. Андан тышкары акындык өнөрдү түрк тилдүү элдердин баарына жайылтуу вазийпасы алдыбызда турат.
Жаш акындар мыкты чыгышты
— Акыркы Тоголок Молдонун 160 жылдыгына арналган республикалык айтышта бир дагы аты чыккан акын катышкан жок. Акындар арасында бири-бирине орун бошотуп, элден бата алып берүү процесси бар. Ошол салт сакталып, жалаң жаш акындар байге талашышты. Азыр мыкты акындардын мууну өсүп келе жатканын ошондо байкадым. Кээ бир айтыштарда акындын айтканын көрүп, “Бул акын болбой баратат. Оттоп кетти”, – деп каласың. Жаштар айтышкан учурда андай учурлар көп эле катталып турчу. Бирок, бул айтышта андай болбоду. Жаш болсо да айтаар сөзүн таап айткан акындардын айтышын угуп, сыймыктануу менен кол чаап олтурдум. Мунун баары фонддун уюшулгандыгынын натыйжасында болуп жатат.
Акындар элге дем берет
— Мурда акындар айнанайын партия деп ырдашчу. Кээ бир байлардын камчысын чабышчу. Бирок, азыр андай эмес. Кандай саясий кырдаал болбосун акындар элге дем берип турат. Мамлекетте ар кандай кырдаалдан улам сөз эркиндиги деле жоголуп кетиши мүмкүн да ошондой мезгилдерде акындар баарын айта турган чоң күч болуп бере алат. Бул да болсо фонддун аркасы менен болгон жакшы көрүнүш.
Биз жаңылып жүрөбүз. Экономиканы көтөрөбүз дейбиз. Инвестор келсе өнүгөбүз деген пикирлер бар. Бирок, мамлекеттин өнүгүшүнө маданият гана түрткү берет. Мамлекетти маданият көтөрөт. Кыргыз намыстанмайын өнүгө албайт. Төрт сап ырдан намыстанып түзүлгөн коомдук фонддун алдында 2006-жылы Айтыш фильмди да негиздедик. Айтыш фильм студиясы бир нече тасма тартууга жетишти. Алардын алдыңкылары «Курманжан Датка» болду. Менин «Курманжан Датка» тасмасын тартуума Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Жолдошева түрткү болгон.
Москвадан Режиссёрлуктун Жогорку курсун жаңы эле бүтүп келген элем. Жогорку Кеңеште Жылдыз Жолдошева Курманжан Датка тууралуу кино тартуу боюнча маселе көтөрүп, конкурс жарыяланган. Мен да конкурска жигердүү катыштым. Анткени, атайын Москвадан окуп келген соң, өзүмө бир нерсе далилдейин деп ойлодум. 40 жашка чыгып жумушумду, үй-жайымды таштап, режиссёр болом деп кетип, окуп келсем ушул тасманы мен тартышым керек деп ойлодум.
Негизинен оор фильм болчу. Ошондуктан, киночулардын 99 пайызы бул фильмди тартуу ишке ашпайт дешкен. Аксакалдардын бир тобу келип, “бул кинону тарта албайсың. Биринчиден, актёрдук курам жок. Материалдык база начар, каражат да жетпейт”, – дешти.
1 миллион доллардын тегерегиндеги акча бөлүнгөн болчу. Биз 600-700 адамды массовкага алып, алардын тамак-ашын, жатаканасын, аттарынын керектөөлөрүн камсыздаганыбыз эле күнүнө 1 миллион сомдон ашып кетмек. Кино тартуу оңой эмес да. Бирок, мага ишенген топ да бар эле.
Айтыш фильмде иштеген Фархат
Бекмамбетов, Акжол Бекболотов, Бакыт Турдубаев деген үч жигит кинону тарта аларыбызга ишенип көздөрү жанып турду. Ошентип биз өзүбүз үчүн кооптуу чечимди кабыл алдык. Тартабыз ушул каражатка деп кадам таштадык. Анан бизге чыныгы кесипкөйлөр кошулуп, тасма жаралды. Тартылганда дагы жакшы тартылды. Кээ бир киночулар күткөндөн ашып берди.
Элмирбек тууралуу
— Мисалы, бир устанын отургуч жасаганын кечке карап эле отургуң келет. Ал жыгачты туура ченейт, туура кармайт. Балтаны да туура жерден чабат. Бир чаап кырын чыгарат да заматта баарын кынап коёт. Анын бүт кыймыл-аракети эсептелген. Анткени, ал ошондой үстөлдү миң жолу, мүмкүн он миң жолу кайталап жасаган. Ал эми чыныгы генийлер биринчи жолу эле ошол ишти жасаганда өтө кылдаттык, чеберчилик менен жасап коёт. Улуулук, генийлик ушунда жатат. Элмирбек ошондой чебер акын эле. Ал бардык жагынан төп келишкен инсан болчу. Сүйлөгөнү, ырдаганы, жүрүм-туруму айтор баары төп келчү. Элмирбектин дипломат экендигин байкагам. Анын айтыштарда бир ачуусу келгенин көрбөдүм. Айтыштарын канча жолу кайталап көрдүм. Атаандашы жаман сөзгө кирип кеткен учурда аны сөздөн кайтарып, терең ойго салып олтуруп, өргө сүйрөп кетчү. Элмирбек мыктынын мыктысы болчу.
Акын болуу тобокелдигине бара албай жүрөм
— Көп жазбайм. Бирок, ыр жазып калам. Бир досум “Омор Хаямдай акын болом”, – деп калды эле. Ошол акынга арнап жазгам.
Каалаганча жашаш үчүн Хаямдай,
Ильхом үчүн жанын дагы аянбай,
кээде артып мухиттерди куржунга,
кээде битин сыгып жүргөн сараңдай.
Бир күн сайран хандар менен тамак жеп,
бир күн ачка, жутуп сууну карандай,
бир күн жанып сүйүү лаззат отуна,
бир күн калып бак түбүндө каралбай.
Даярсыңбы анда жүрөк тоо экен.
А мен жүрөм тобокелге баралбай.
Патриоттук ырларымдан төрт сап
Ойгон кыргыз жаттың жерде миң жылдай,
жамбаштаган тарыхыңдан бир жылбай.
Жаныңды үрөп жасабасаң атыңды,
Жараткан да жардам бербейт бир кылдай.
Жазгүл Кенжетаева