Садыр Жапаров Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева менен жолугушту

7-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 57
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 7-сентябрда, Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо жаатындагы актуалдуу маселелер каралды.
Жамиля Жаманбаева Мамлекет башчысына Акыйкатчы институтунун ишмердүүлүгү, иштин негизги жыйынтыктары жана акыркы жылдарда жетишилген натыйжалар, ошондой эле жарандардын укуктарын, ар-намысын жана кадыр-баркын коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берди.
Садыр Жапаров адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо жана сактоо мамлекеттик саясаттын маанилүү артыкчылыктарынын бири экенине токтолду.
Мамлекет башчысы кыйноолорду колдонуу же жарандардын укуктарын бузуу боюнча кайрылуулар келип түшкөн учурда Акыйкатчы институтунун кызматкерлери толук жана ар тараптуу иликтөө жүргүзүп, мыйзам тарабынан кепилденген жарандардын укуктарын коргоону камсыз кылып, укук коргоо органдары тарабынан мүмкүн болуучу басымдан же мыйзамсыз аракеттерден коркпостон алардын кызыкчылыктарын коргошу керектигин өзгөчө баса белгиледи.
Президент Садыр Жапаров жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин ишенимдүү коргоого жана мыйзамдын үстөмдүгүн камсыз кылууга багытталган Акыйкатчы институтунун ишмердүүлүгүнө ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экенин айтты.
7-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 57
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X