Садыр Жапаров: «Алгачкы жолу улуттук валютабыз – сомду өзүбүз басып чыгара баштадык»

27-март, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 220

Өлкөнүн улуттук валютасы – сом Кыргызстандын өзүнөн басылып чыгарыла баштады. Бул тууралуу Президент Садыр Жапаров өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында билдирди.

«Бүгүн — Кыргызстан үчүн тарыхый күн!

Өлкөбүздүн тарыхында алгачкы жолу улуттук валютабыз – сомду өзүбүз басып чыгара баштадык.

Буга чейин чет өлкөлөргө буйрутма берип, акча төлөп бастырып келген элек. Эми тескерисинче, башка мамлекеттердин акчаларын дагы буйрутма менен биз басып берүү деңгээлине чыктык. Акча чыгарууда талап кылынган шарттарды тастыктаган эл аралык тийиштүү сертификатыбыз да бар.

Мындан тышкары, улуттук документтерибиз: жалпы жарандык паспорт, ID-карт паспортторду, айдоочулук күбөлүк, унаанын техпаспортун ж.б документтерди жогорку сапатта чыгарып жатабыз.

Башка өлкөлөр үчүн валюта менен катар эле ар кандай мамлекеттик документтерди да басып берүүгө даярбыз.

Бүгүнкү күндө бир нече мамлекеттердин буйрутмасын алып жатабыз.

Колубузда сертификатыбыз тургандыктан, албетте, коргоо элементтери да жогорку деңгээлде болот. Башкача айтканда, документти жасалмалоого мүмкүн эмес. Ал эми баасы болсо жеткиликтүү болот», – деп жазды Мамлекет башчысы.

 

27-март, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 220
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X