Садыр Жапаров БШКга арыз тапшырды

10-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 126

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров алдыдагы президенттик шайлоого өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) арыз тапшырды. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, арыз бүгүн, 10-ноябрда келип түшкөн.

БШКнын маалыматы боюнча, ушул күнгө карата президенттик кызматка талапкерлигин көрсөтүү боюнча жалпысынан алты арыз катталган.

Президенттикке талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрында аяктайт.

10-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 126
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X