Садыр Жапаров Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство университетинин жаңы корпусун ачты
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 26-сентябрда, Бишкек шаарындагы Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз улуттук маданият жана искусство университетинин окуу корпусунун ачылыш аземине катышты.

Алгач Мамлекет башчысы жаңы корпустагы шарттар менен таанышты. Жалпы аянты 8615 чарчы метрди түзгөн беш кабаттуу имаратта заманбап окуу аудиториялары, китепкана, окуу залы, хореография жана концерт залдары, ашкана каралган.
Андан соң сөз сүйлөгөн Садыр Жапаров маданиятты сактап, ошол өнөрдү аздек тутуп, андан ары өнүктүрүүгө таланттуу жаштарды тарбиялоо – өзгөчө жоопкерчиликтүү иш экенин белгиледи.
“Жаңы окуу корпусунун салынышы – бул улуттук маданиятыбызды өркүндөтүүгө,
өнөрлүү жаштардын келечегине жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү деген сөз”, — деди Президент жана окуу жайдын тарыхына кыскача токтолду.
1967-жылы Кыргыз мамлекеттик искусство институту катары түптөлгөн бул окуу жайга
1974-жылы элибиздин сыймыктуу кызы,
улуттук балет өнөрүнүн негиз салуучуларынын бири, СССРдин эл артисти
Бүбүсара Бейшеналиеванын ысымы ыйгарылган.
1993-жылы институттун курамынан
Калый Молдобасанов атындагы консерватория өз алдынча окуу жай болуп бөлүнүп чыгышы – өлкөбүздөгү музыкалык билим берүүнүн өнүгүшүндөгү маанилүү этаптарынан болгон. 2013-жылы окуу жай Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университети болуп кайра түзүлгөн.
“Өткөн жылы биздин алдыбызга мына ушундай алтымыш жылдык тарыхы бар, миңдеген таланттарды эл кызматына таптап чыгарган университеттин имарат жетишсиздигин чечүү маселеси коюлган. Анын үстүнө окуу жайдын жатакана тибиндеги окуу корпусу бүгүнкү замандын талаптарына да туура келбей калган экен.
Мындан улам, былтыр искусство университетине жаңы заманбап окуу корпусун курууга Президенттик фонддон 990 миллион сом бөлүү чечими кабыл алынган. Бүгүн бардык шарттары түзүлгөн жаңы имарат таланттуу жаштарыбыз үчүн эшигин ачты”, — деди Садыр Жапаров.

Бул контекстте ал окутуучуларга кайрылып, окуу жайдын негизги байлыгына көңүл бурду.
“Анын эң чоң байлыгы – адам ресурсу экенин баса белгилеп айта кетейин. Тактап айтканда, жаштардын шык-жөндөмүн ачып, өнөрдүн ар кыл сырларын үйрөтүп, талантын ташкындаткан тажрыйбалуу окутуучулар.
Алар университеттин интеллектуалдык жана чыгармачылык чоң потенциалы экени талашсыз”, — деп баса белгиледи Президент.
Ал бир устаттын таалим-тарбиясы, берген сабагы кайсы бир студенттин тагдырын өзгөртүшү толук мүмкүн экенин, мыкты тапталып, таланты ачылган студент баралына келгенде бүтүндөй Кыргызстандын атын дүйнөгө таанытарын айтты.
Садыр Жапаров өлкө тарыхында буга көптөгөн мисалдар бар экенин эске салып, университеттин бүтүрүүчүлөрүнүн арасында маданият жана искусство тармагында терең из калтырган инсандар бар экенине токтолду.

Алардын арасында Калый Молдобасанов, Самара Токтакунова жана Чолпонбек Базарбаев сыяктуу залкарлар жана СССРдин эл артисттери бар. Мамлекет башчысы бүгүнкү студенттердин арасында да кыргыз маданиятынын жаңы жылдыздары боло турган таланттар бар экенине ишенимин билдирип, окутуучулук курамдын талыкпаган эмгегинин эбегейсиз маанисин өзгөчө белгиледи.
Президент жаштарга кайрылып, Кыргызстан – маданий мураска бай өлкө, ал эми көлөмү жана көркөмдүгү жагынан дүйнөдө теңдеши жок “Манас” эпосу, төкмөлүк өнөр, манасчылык, комузчулук, салттуу музыка, улуттук театр, бий өнөрү – булардын баарын жаңыча өнүктүрүү жалпы милдетибиз экенин айтты.
“Жогоруда аттары аталган жана башка кыргыз маданиятынын көрүнүктүү өкүлдөрүнүн байсалдуу өмүр жолу – силер үчүн чоң мектеп. Ал эми бүгүнкү агай-эжейлериңердин берген билими менен айткан акыл-насааты чоң байлык”, — деди Садыр Жапаров жана ошол эле учурда бүгүн бир гана багытта мыкты болуу жетишсиз экенин баса белгиледи.
Ал улуттук өнөрдү заманбап технологиялар жана дүйнөлүк чыгармачылык менен айкалыштыруу зарылдыгына көңүл бурду. Глобалдашуу заманында улуттук маданиятты сактоо менен аны дүйнөгө таанытуунун мааниси барган сайын артып барат.
Ошондой эле университеттин студенттери “Жаңы ысымдар” фестивалы, Дельфи оюндары жана эл аралык кинофестивалдар сыяктуу ири эл аралык иш-чараларда байма-бай байгелүү орундарды ээлеп келе жатканы белгиленди. Мындан тышкары, Мамлекет башчысы акыркы үч жылда окуу жайдын илимий багытын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулганын белгилеп, магистратура жана аспирантуранын ачылышы кыргыз маданиятын терең изилдөө жана жогорку квалификациялуу илимий кадрларды даярдоо үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү түзгөнүн айтты.
Мамлекет башчысы “улуттук” макамы берилгенден кийин университеттин алдында масштабдуу милдет: билим берүүнүн сапатын жаңы деңгээлге чыгаруу, илимий-изилдөө иштерин күчөтүү, эл аралык байланыштарды кеңейтүү жана улуттук мурасты дүйнөлүк аренада таанытуу иштерин активдештирүү турганын белгиледи.
Сөзүнүн соңунда Президент Садыр Жапаров университет эл аралык деңгээлде кыргыз маданиятынын негизги борборлорунун бири катары өзүнүн макамын бекемдейт деген ишенимин билдирип, жаңы имараттын дубалдарында жаркын идеялар жаралышын, ал эми анда билим алып жаткан жаштардын арасынан өлкөнү дүйнөгө тааныта турган таланттар өсүп чыгышын каалады.