Садыр Жапаров ИИМдин жетекчилерине сыйлык тапшырды

Бүгүн, 9-ноябрда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров ички иштер органдарынын бир катар жетекчилерине мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземи болуп өттү.
Эске салсак, буга чейин мамлекет башчысы Шанхай кызматташтык уюмунун саммитин, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын жана Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө арналган иш-чараларды уюштурууга жана өткөрүүгө кошкон зор салымы, ошондой эле кесиптик ишмердүүлүгүндөгү жогорку жетишкендиктери үчүн мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө Жарлыкка кол койгон.
Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын ички иштер министри, милициянын генерал-полковниги Улан Ниязбеков I даражадагы «Манас» ордени менен сыйланды.
Ички иштер министринин биринчи орун басары, милициянын генерал-майору Адылбек Бийбосунов менен ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетовго III даражадагы «Манас» ордени тапшырылды.
Ошондой эле, ИИМдин Ички аскерлеринин колбашчысы Дамир Алыбаев, ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын башчысы Сталбек Рахманов, ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы Азенбек Козукеев, Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы Каныбек Абдырахманов, Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Мурат Боронов «Ардак» медалы менен сыйланышты.
Мамлекеттик сыйлыктар ички иштер органдарынын жетекчилеринин өлкөдө өткөн эл аралык жана мамлекеттик маанидеги иш-чараларды жогорку деңгээлде уюштурууга жана өткөрүүгө кошкон салымын, коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоодогу үзүрлүү эмгегин, ошондой эле кызматтык милдеттерин аткаруудагы кесипкөйлүгүн жана жоопкерчилигин жогору баалоонун белгиси болуп саналат.
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X