Президент Садыр Жапаров бүгүн иш сапары менен Бириккен Араб Эмираттарына (БАЭ) жөнөп кетти.
Сапардын алкагында мамлекет башчысы Дубай шаарында өтө турган БУУнун климаттын өзгөрүшү жөнүндө Алкактык Конвенциясынын Тараптарынын 28-конференциясынын жогорку деңгээлдеги Сегментине катышат.
Кыргызстандын расмий делегациясынын курамындагылар:
- тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
- Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;
- Кыргызстандын Бириккен Араб Эмираттарындагы элчиси Абдилатиф Жумабаев;
- жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министри Мелис Тургунбаев;
- энергетика министри Таалайбек Ибраев;
- финансы министри Алмаз Бакетаев;
- экономика жана коммерция министри Данияр Амангельдиев;
- Президентке караштуу Инвестициялар боюнча Улуттук агенттиктин директору Талантбек Иманов.