Садыр Жапаров: «Министрликти дагы жаңы Ак үйдүн жанына көчүрөбүз»
«Жаңы Ак үйдүн жанына министрлерди дагы көчүрөбүз.», — деп билдирди президент Садыр Жапаров «Кабар» улуттук маалымат агенттигине берген маегинде.
Президенттин айтымында, буга мамлекеттен накталай акча кетпейт. Министрликтердин азыркы олтурган имараттарына алмашуу жолу менен эле ата мекендик куруучулар салып берет.
«Бишкектин борбору автотыгындарга толуп кетти. Ошон үчүн биз бир эле президенттик имаратты эмес, бүтүндөй министрликтерди өйдө жакка көчүрөбүз. Бардык министрлер бир имаратта олтурушат. Аны 2023-жылы баштайбыз. Дал эле ушул президенттик имарат салынып жаткан жердин күн чыгыш маңдайына салынат. Ошентип күч органдарынан башка министрликтердин, өкмөттүк уюмдардын баарын борбордон өйдө жакка көчүрүп кетебиз», — деди Жапаров.
«Азыркы иштеп жаткан ордум дагы абдан жакшы. Исхак Раззаков агабыз 1950-жылы курган экен. Ошондон бери кыргызга кызмат кылып келе жатат, 72 жыл болуптур. Мен дагы ошол кишинин жолун жолдоп, бир имарат куруп кетейин дедим. 100 жыл кызмат кылсын. Негизи мен жыргал жашоого көнгөн эмесмин. Жөнөкөй жерде олтуруп алып деле иштей берем. Баарыбыз бул дүйнөдөн өтөбүз. Ал эми жасап кеткен иштерибизди келечек муун дайыма эстеп, атыбызды атап жүрүшөт. Имарат салып жатсам, мен аны көрүмө көтөрө кетпейм. Эл үчүн, келечек муун үчүн калат», — деди президент.