Садыр Жапаров Москвага иш сапары менен барат

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 10-11-ноябрда Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун (ЖККУ) Жамааттык коопсуздук кеңешинин Москва шаарында өтө турган кезектеги жыйынына катышуу үчүн Россия Федерациясына иш сапары менен барат.

Жыйындын жүрүшүндө мамлекет башчылары эл аралык жана аймактык коопсуздуктун актуалдуу маселелерин, ЖККУнун сессиялар аралык мезгилдеги ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктарын, ошондой эле жамааттык коопсуздукту чыңдоо боюнча мындан аркы чараларды талкуулашат.

Терроризмге жана экстремизмге каршы аракеттенүү, биологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жана Уюмга мүчө мамлекеттердин өз ара аракеттенүү механизмдерин өркүндөтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулат.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге, анын ичинде ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин декларациясына жана Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишимге кол коюлгандыгынын 35 жылдыгына жана ЖККУнун 25 жылдыгына арналган иш-чаралар планына кол коюу пландалууда.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X