“Социалдык турак жайларды куруу иштери мындан ары дагы ыкчам темп менен улантылат”, — деп билдирди бүгүн, 24-декабрда президент Садыр Жапаров Бишкектеги ипотекалык батирлерди тапшыруу учурунда.
Төмөндө мамлекет башчысынын сөзү:
“Бишкек шаарынын кадырлуу тургундары!
Урматтуу мекендештер!
Бүгүнкү иш-чарага катышып жаткан меймандар!
Бүгүн биз мамлекетке ишеним артып, узун кезекти сабырдуулук менен күтүп, үйлүү-жайлуу болсом деген бир топ жарандарыбыздын кубанычына ортоктош болуу үчүн чогулуп олтурабыз.
Ошондуктан эң алды маңдайы жарыла сүйүнүп турган батир ээлерин жана алардын жакындары менен туугандарын ушул үйлөрдөн агарып-көгөргүлө, ак өргөңүздөр ак жолтой болсун деп, бүгүнкү майрамыңар менен чын дилимден куттуктаймын!
Элибиздин турмушун жакшыртуу жаатындагы ой-максаттарыбыздын сап башындагы калкты жумуш орундары жана арзан турак жай менен камсыз кылууну артыкчылык катары карап келебиз.
Себеби, кайсы үй-бүлөнү алба, балдары билим алып, кесипке үйрөнүп, эрезеге жеткенде, ар бир ата-эне “ушул балам же ушул кызым ак эмгеги менен каражат тапса, үйлүү-жайлуу болушса, анан бак айтып үй-бүлө курушса” деп басса-турса тилек кылат.
Мына ошол жалпы ата-энелердин – элибиздин ой-тилегин биринчи орунга чыгарып, турак жай маселесин чечүү максатында акыркы жылдары жарандарды жеткиликтүү турак жай менен камсыздоо боюнча Республикалык масштабдуу долбоорлорду ишке ашырууга кириштик.
Анын алгачкысын, өзүңүздөр билгендей, мындан он күндөй мурда дал ушул борбор калаабызда баштап, 500дөн ашуун жаранга батирлердин ачкычтарын тапшырдык.
Бүгүн ошол ийгиликтүү долбоордун уландысы катары “Мурас” турак жай комплексинин ачылыша күбө болуп жатабыз.
Биз Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу арзан турак жайларды куруу менен
жарандарыбызды үйлүү-жайлуу кылбастан, аларды социалдык жактан коргоо, татыктуу жашоо менен камсыздоо саясатын ишке ашырып жатабыз десем болот.
Урматтуу агайын-туугандар!
Бул турак жай комплекси үчүн алынган жер тилкесинде мурда №47 түзөтүүчү колониясы жайгашканын жакшы билесиздер.
Абак деген абак, өзүнүн сүрү бар – түзөтүү мекемеси.
Кандай болгон күндө дагы борбор калаабызга шаң тартуулай албайт.
Ошондуктан, бул колонияны шаар четине чыгарып, ордуна жай турмуш өкүм сүрсүн деген ниетте турак жай курууну мерчемдеген элек.
Ал арада ар кандай сөз чыгарышып,
абактын ордуна үй курулуп атат деп
ар нерсени жоромолдогондор болду.
Урматтуу үй ээлери, абакты бул жакка коёлу, азыркы жашап жаткан үйлөрүңөрдүн таман астында Адам Атадан бери санасак миңдеген адамдардын сөөктөрү жатат.
Эгер чындап келсе дүйнө жүзүндө, тоолорду кошпогондо,түз жерлерде, таза жер жок.
Зулкарнайн деген пайгамбарыбыздын көзү өткөндө, ошол мезгилде эле, адам коюлбаган таза жерге коёбуз дешип таза жер издешкенде таза жер жок болуп чыккан.
Кай жер болбосун адамдардын сөөктөрү коюлган болгон.
Ал эми Адам Атадан баштап бүгүнкү күнгө чейин, Болжол менен 120 миллиард адам бул дүйнөдөн өтүшүптүр.
Анын баары бир эле жерге коюлган жок да.
Азыр бүгүнкү күндө биринин үстүнө экинчисин, экинчисинин үстүнө үчүнчүсүн койгон өлкөлөр бар.
Сөөктөрдү бир чекесине жылдырып коюп коё беришет.
Ошондуктан биз бул кичи районду жакшылыкка жоруп, келечек муундарга түрмөлөрдү эмес, жаркыраган турак жайларды куруп берип кетели деп атын да “Мурас” деп койдук.
Кудай буюрса, бул “Мурастын” үйлөрүнөн балдардын күлкүсү жаңырып, бул чөлкөмгө жан кирип, шаарыбызды көрккө бөлөйт деген үмүттөмүн.
Чөлкөм дегеним, бул объект Бишкек шаарындагы масштабдуу турак жай комплексинин бири болуп эсептелет.
Бүгүнкү берилип жаткан үйлөр жалпысы 4 700 батирди камтыган ири долбоордун бир гана бөлүгү болуп саналат.
Бүгүнкү күндө анын алгачкы этабы аяктап, 6 блоктон турган 18 кабаттуу үйлөрдөн 510 батирди ээлерине тапшырганы турабыз.
Мында дагы батирлер Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу
кезекте турган социалдык багыттагы кызматкерлерге жана ошондой эле курулушка 50% үлүш кошуу шарты менен кирген мигранттарыбызга жана башка жарандарыбызга берилмекчи.
Урматтуу мекендештер!
Социалдык турак жайларды куруу иштери мындан ары дагы ыкчам темп менен улантылат.
Баштаган долбоорубузду аягына чыгарабыз.
Мамлекетке ишеним артып, социалдык турак жай алуу кезегине турган 40 миңден ашуун жарандарыбызды үмүт-тилегине жакынкы убактарда жеткиребиз, буюрса.
Алдыда дагы көптөгөн турак жай комплекстеринин курулушу башталаары күтүлүүдө.
Жеке эле борбор калаада эмес,
Кыргызстандын ар кайсы аймактарында көп кабаттуу үйлөр курулуп жатат.
Биздин социалдык турак жай куруу боюнча стратегиялык пландарыбыз узак мөөнөттүү болот.
Республика боюнча үйгө муктаж болгон жарандарыбыздын баарын үйлүү кылмайынча бул ишти токтотпойбуз.
Заманбап жана ыңгайлуу турак жай объектилери этап-этабы менен курула берет.
Биз ишенимдүү түрдө турак жай маселесин чечүүгө багыт алып, жарандарга жаркын келечек тартуулоого умтулабыз.
Урматтуу батир ээлери!
Бүгүнкү кубанычтуу майрамыңыздар менен дагы бир жолу куттуктайм.
Жакшылыгыңыздар жугуштуу болуп, үй алам деп кезекте турган калган мекендештерибиз дагы бат эле үйлүү-жайлуу болушсун!
Ал күн дагы алыс эмес.
Жаңы жыл алдындагы жаңы үйүңүздөргө ырыс, кут, бакыт уяласын!
Ак өргөңүздөр кут болсун!”.